Жылмайыңкы тартып, жымың этип койгон, жадырап-жайнап күлүңдөгөн көрүнүштү билдирүүдө колдонулат. Күлмүң этип жол жүрүп, Көп жылкы менен мол жүрүп («Семетей»). Гүлдөрдөй күлмүң-күлмүң берди белги (Осмонов).
Күлмүң-күлмүң этип жайдарылануу, күлүңдөө. Анткен менен Жайнак өзү күлмүңдөп көңүлдүүдөй (Айтматов). Бирөө күлсө күлмүңдөп, Тогуз куйкам курушуп тардыгамын (Шимеев).