Киргизско-русский словарь Юдахина
смех;
ичи оорулуу күлкү сүйбөйт погов. у кого живот болит, тот смеха не любит;
күлкү кыл- осмеять, поднять на смех;
күлкүгө кал- стать предметом насмешки, осмеяния;
бизге күлөм деп, өзүң күлкүгө калба желая осмеять нас, не окажись сам осмеянным;
күлкү сал- или кулкүгө сал- вносить смех, смешить, вносить веселье.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кызыктуу нерсени көргөндө же укканда, шаттанганда, кытыгылаганда ж. б. кыткылыктап же каткырып чыккан дабыш. Ичи оорулуу күлкү сүйбөйт (макал). ..Тамашага кошул-ташыл күлкүлөр да чыкты (Сыдыкбеков).
2. Шылдың, келеке, мыскыл. Доско күлкү, душманга таба болбо (Жантөшев). Күлкү болдуң фашисттер, Ач кандектей үлдүрөп (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кубангандыгын, көңүлү көтөрүлгөндүгүн, шаттангандыгын, ырахаттангандыгын, тамашалагандыгын же кимдир бирөөнү шылдыңдагандыгын ж. б. үн чыгара каткыруу, кыткылыктап же жылмайып күлүү аркылуу билдирген ички сезим. Кыя жолдон каткырган кыз күлкүсү угулат (Бөкөнбаев). Итикенин кыткылыктаган күлкүсү какшыктуу күлкү эле (Жантөшев). 2. Шылдың, келеке, мыскыл. Доско күлкү, душманга таба болбо (Жантөшев). Кийиз өтүк бутунда, Мына анык күлкү ушунда (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Күлкү келтирерлик, тамашалуу. Ал ар качан күлкүлүү же кайгылуу окуядан кеп салууну жакшы көрөт (Жантөшев). Күлкүлүү шайыр сөзүн уккан сайын, Көңүлүм козголду бейм көтөрүлүп (Осмонкул).
¨ Күлкүлүү пьесаэск. комедия.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күлкү келтирерлик, күлө турган, күлкү аралашкан. Ар дайым күлкүлүү же кайгылуу окуядан кеп салууну жакшы көрөт (Жантөшев). Күлкүлүү шайыр сөзүң уккан сайын, Көңүлүм козголду бейм көтөрүлүп (Осмонкул). Кубанычтуу, күлкүлүү кобур көтөрүлдү (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күлкүсү тыйылбаган, болор болбоско деле күлө берме, көп күлүүчү. Бул топтун күлкүчүсү тигил Акия деген кетирейген сары келин белем (Сыдыкбеков). Дарыяхан күлкүчү болгондуктан, күлө берип көзүнөн жаш да чыкты (Жантөшев).