Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кызыктуу нерсени көргөндө же укканда, шаттанганда, кытыгылаганда ж. б. кыткылыктап же каткырып чыккан дабыш. Ичи оорулуу күлкү сүйбөйт (макал). ..Тамашага кошул-ташыл күлкүлөр да чыкты (Сыдыкбеков).
2. Шылдың, келеке, мыскыл. Доско күлкү, душманга таба болбо (Жантөшев). Күлкү болдуң фашисттер, Ач кандектей үлдүрөп (Осмонкул).