КҮЛКҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кубангандыгын, көңүлү көтөрүлгөндүгүн, шаттангандыгын, ырахаттангандыгын, тамашалагандыгын же кимдир бирөөнү шылдыңдагандыгын ж. б. үн чыгара каткыруу, кыткылыктап же жылмайып күлүү аркылуу билдирген ички сезим. Кыя жолдон каткырган кыз күлкүсү угулат (Бөкөнбаев). Итикенин кыткылыктаган күлкүсү какшыктуу күлкү эле (Жантөшев). 2. Шылдың, келеке, мыскыл. Доско күлкү, душманга таба болбо (Жантөшев). Кийиз өтүк бутунда, Мына анык күлкү ушунда (Шүкүрбеков).