Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. (о цвете) яркий, красочный; с переливами;
күлгүн кызыл ярко-красный, пунцовый;
күлгүн көк ярко-синий;
күлгүндү кийип, кирдеткен, күлүктү минип, тердеткен фольк. носил он яркие одежды и их (не жалея) пачкал, ездил он на скакуне, вгоняя его в пот (т.е. жил в своё удовольствие);
2. перен. (о человеке) молодой, цветущий;
күйдүрдүң күлгүн жанымды, күндө арбыттың зарымды стих. причинила ты жгучую боль моей молодой душе, с каждым днём усиливаешь мою печаль.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Ачык көгүш түс. Жолдун бою күлгүн жашыл Толгон экен жаңылык (Бөкөнбаев). Күзүндө жамгыр болбосо, Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн (Токтогул).
2. өт. Жаш. Ышкындай солкулдаган күлгүн жигиттер биринен бири талашып, өздөрү келбейт беле (Сыдыкбеков). Күлгүнүңдө кетипсиң. Күз куураган чырпыктай (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир өңдүн ачык, жаркырап-жайнаган жаркын түсү. Калың кара жедигер, күлгүндөрүн бүктөшүп, Көрктүү жүгүн жүктөшүп («Эл адабияты»). Күлгүн кызыл. Күлгүн жашыл. Күлгүн көк. Күзүндө жамгыр болбосо, Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн (Токтогул). 2. Жаш, гүлдөп турган, жаркырап-жайнаган. А тигил күлгүн жигит Мужадыл болсо, анча малдуу эмес атанын баласы (Сыдыкбеков). Күйүт менен өткөрдүм, Күлгүн жаштын жарымын (Токтогул).