КҮЛГҮН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кандайдыр бир өңдүн ачык, жаркырап-жайнаган жаркын түсү. Калың кара жедигер, күлгүндөрүн бүктөшүп, Көрктүү жүгүн жүктөшүп («Эл адабияты»). Күлгүн кызыл. Күлгүн жашыл. Күлгүн көк. Күзүндө жамгыр болбосо, Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн (Токтогул). 2. Жаш, гүлдөп турган, жаркырап-жайнаган. А тигил күлгүн жигит Мужадыл болсо, анча малдуу эмес атанын баласы (Сыдыкбеков). Күйүт менен өткөрдүм, Күлгүн жаштын жарымын (Токтогул).