Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Узакка сапарга чыкканда алып жүрүүгө ылайыкталган, оңой менен бузулбай турган азык-түлүк, тамак-аш. Күл азыгын шайлашып («Манас» С. О.). Анатай сен дагы атаңа күл азыкты өз колуң менен даярдаш үчүн окууну таштай турасың. Бир жыл болобу, эки жылбы, аны көрөбүз (Айтматов). Отуз нарга жүктөтүп, Түгөнбөс түрдүү күл азык («Курманбек»). Эки жоокер бир куржун, Күл азыгын камдасын («Мендирман»).