КҮЛ АЗЫК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Узакка сапарга чыкканда алып жүрүүгө ылайыкталган, оңой менен бузулбай турган азык-түлүк, тамак-аш (көбүнчө семиз уйдун этин кургатып, аны майда туурап, талкан аралаштырат: таруунун же башка эгиндин талканына бал, сары май кошуп да жасайт). Анатай сен дагы атаңа күл азыкты өз колуң менен даярдаш үчүн окууну таштай турасың. Бир жыл болобу, эки жылбы, аны көрөбүз (Айтматов).