күлүмсүрө
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Күлүүгө жакындаган мүнөздө, жайдары, жылмайыңкы көрүнүштө болуу. [Мамбетовдун] эриндери күлүмсүрөп, суйдаң каштары жазыла түштү (Бейшеналиев). Яша кубангандай күлүмсүрөп ордунан турду (Жантөшев).