Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Селденин астынан кийүүчү төбөсү бийик топу сыяктуу жеңил баш кийим. Күлө кийип башына, Алакан ачып жайылтып (Токтогул). Мендирман кийди окшошуп, Думананын күлөсүн («Мендирман»). Бүт туткундун кийгени таар сыяктуу одоно кара сокмодон күлө (Касымбеков).