Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Селденин астынан кийүүчү төбөсү бийик топу, төбөсү бийик баш кийим. Күлө кийип башына Алакан ачып жайылтып (Тоголок Молдо). Мендирман кийди окшошуп, Думананын күлөсүн (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮЛӨ — думана, дервиштердин шоңшогой чокулуу атайы баш кийими. Адатта ак кездемеден жасалгандыктан ак Күлө деп айтылса керек. Эпосто Ак күлөлүү аксакалдын кайыбынан пайда болушу жөнүндө «Ак күлөлүү думана, Асасы бар шапап Кайдан келди билинбейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 86),— деп айтылат, к. Думана.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Селденин астынан кийүүчү төбөсү бийик топу сыяктуу жеңил баш кийим. Күлө кийип башына, Алакан ачып жайылтып (Токтогул). Мендирман кийди окшошуп, Думананын күлөсүн («Мендирман»). Бүт туткундун кийгени таар сыяктуу одоно кара сокмодон күлө (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө жайдары, мээримдүү мамиле жасоо. Кашкар чөөгүндөн колуна суу куюп турган Зуураканга байбиче күлө багып кызына айткандай айтты (Сыдыкбеков). – Э-э... ыракмат балам, – деп ыраазылыгын жашырып-жаба албастан күлө багып төргө өттү (Касымбеков). Татыке аны утурлап күлө баккан чырайын көргөздү (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө жайдары, мээримдүү мамиле жасоо. Кашкар чөөгундөн колуна суу куюп турган Зуураканга байбиче кулө багып кызына айткандай айтты... (Сыдыкбеков). -Э-э... ыракмат... балам, - деп ыраазылыгын жашырып-жаба албастан кулө багып төргө өттү (Касымбеков). Татыке аны угурлап кулө баккан чырайын көргөздү (Өмүрбаев).