Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Май кошулуп, дандырга бышырылган кичирээк тегерек нан, тегерек, майда токоч. Күйүк көмөч, күлчө нан, Кудайы кайыр сурадым (Токтогул). || диал. Көмөч. 2. күлчөтай менен бирдей. Эки киши чакырып, бир табак күлчө жеген менен эчтеме чыкпайт («Ала-Тоо»). Безе сепкен күлчөдөй, Ширин кылам каныңды («Эл адабияты»).