күлтүк
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыКүлтүк - баланын сийдиги, заӊы чогулушу үчүн бешиктин алды жагына орнотулуп коюлуучу идиш (КТС 2010:839). Адатта ал чоподон же жыгачтан жасалат. Мурун кийизден да жасалган деген маалыматтар бар. Бирок азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Бешиктеги баланын сийдиги ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө күл салып коюшат. «Күлтүк» деген сөздүн теги да ушуга байланыштуу, башкача айтканда, «күл салынган идиш» деген маанини туюндурган бул сөз тыбыштык жактан күл+лүк > күл+дүк > күлтүк болуп өзгөргөн деп божомолдоого болот. Буга байланыштуу «күлтүгү жок» деген фразеологизм бар, ал «уятсыз, уяты жок, абийирсиз» деген маанини туюндурат (КТФС 2001:337). Кыргыз тилинин айрым говорлорунда (мисалы, Чаткал говорунда) бул идиш «түбөк» деп аталат.