Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Заттын күйүп бүткөндөн кийинки калдыгы» деген маанидеги күл сөзү байыркы күй+үл морфемаларынын курамынан келип чыккан. Күй этишине зат атооч жасоочу -л мүчөсү уланып, күйүл сөзү жаралган. Мындай мүчө жырга – жыргал, куура – куурал, кура – кирал сыяктуу сөздөрдө катышат. Алгачкы күйүл сөзү «күйгөн нерсе» дегенге жакын маани берген. Кийин сөздүн ортосундагы йү тыбыштары түшүп, күл түрүнө келген. Натыйжада күл сөзүнүн күй этиши менен болгон байланышы унутулган.