Киргизско-русский словарь Юдахина
1. озеро;
көл-дайра
1) озеро-море, большое озеро;
2) перен. (о человеке) щедрый, широкая натура;
көл бака лягушка водяная;
көз жашын көл кылып проливая слёзы в три ручья;
2. Көл сев. обычно разумеется озеро Иссык-Куль и Иссык-Кульская котловина;
3. разг. пруд. бассейн;
көл буу род примитивной тёплой ванны для больного;
бир жагы май көл, бир жагы сүт көл молочные реки и кисельные берега (букв. с одной стороны масляное озеро, с другой стороны молочное озеро);
көлгө түшмөй или көл кечиш название детской игры: группа детей стоит в кругу, ограниченном верёвкой; участники, стоящие вне круга, бьют находящихся в кругу, а те стараются схватить противника, чтобы поставить его вместо себя в круг;
көл-шал см. шал IV.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кургактыктын суу толуп калган табигый туюк чуңкурлары. Керилген тоолорго, көгөргөн көлгө суктана карайт (Сыдыкбеков). Кел жок болсо дүйнөдө, Балык болбойт эмеспи (Бөкөнбаев).
  1. 2.                  сүйл. Ысык-Көл өрөөнү.
  2. 3.                  өт. Мүнөзү абдан токтоо, оор басырыктуу, кабак-кашым дебеген. Көл жигит.

¨ Көз жашын көл кылуу — катуу ыйлоо, жаш төгүү. Көзүнүн жашын көл кылып, Какшап ыйлап боздоду (Жантөшев). Көл-шал тердөө к. шал III.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кургактыктын табигый түрдө суу толуп калган чуңкур аянты. Ысык-Көл. Соң-Көл. 2. Суу толтурулган жасалма көлмө. Көлгө суу толтуруу. Көл казуу. 3. сүйл. Ысык-Көл өрөөнү. Көлдөгү кыргыздар, Көлдөн келген жолоочулар. 4. өт. Мол, өтө көп. Айран, кымыз береке, Агып жатат көл болуп (Тоголок Молдо). 5. өт. Сабырдуу, оор басырыктуу, мүнөзү абдан токтоо, жоомарт, ак көңүл адам. Көл жигит. Адамдын көлү экен.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЛБАЙ — кейипкер. Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндөн кийин агаларына кошулуп, Манастын үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүп, дүнүйөсүн талап алууга катышкан. Кочкордун көкүтүүсү менен кырк чоро экинчи жолу качканда алар менен кошо Семетейдин колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 2. 249; 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339).

Киргизско-русский словарь Юдахина
колыхаться, покачиваться из стороны в сторону; переваливаться с боку на бок;
кумга көлбөп жатат он валяется в песке;
төө көлбөп жатат верблюдица (во время родов) покачивается.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көөлгүү, жайпоо (сууга карата). Суу көлбөдү. 2. Улам бир капталына ооп, оодарыла берүү, каалгып козголуу. Датка көлбөгөн ингендей ооналактайт да, анда-санда сүйлөйт (Токомбаев). Ашым кийимдерин чечинип, сууга көлбөдү (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбөйүү, көп болуп агуу, ашып-ташуу. Кар эрип түз мейкинде суулар көлдөп (Үсөнбаев). Көздүн жашы кургабай, Көлдөп агып турат го (Токтогул). Ак алтын чыгар күбөктөн, Береке көлдөп билектен (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көлдөлөң I
подстилка из мерлушек или саксака или козьей шкуры;
жүнү тайкы эчки көлдөлөң подстилка из козьей шкуры с коротким мехом;
төргө көлдөлөң жайып разостлав на почётном месте подстилку.
көлдөлөң II
1. поперёк; поперечный;
көчөнү көлдөлөң тосуп, эл эбак чогулган народ давно собрался, загородив улицу;
жолго көлдөлөңүнөн жатып калды он улёгся поперёк дороги;
2. южн. множество животных (в одном месте);
көлдөлөң ат множество лошадей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Астыга салынып отуруу үчүн саңсаң көрпөдөн, териден жасалган үй буюму. Акия төргө көлдөлөң жайды (Сыдыкбеков). [Шырдактын] үстүндө үчтөн бирине жетпей кара саңсаң көлдөлөң жатат (Сыдыкбеков).
КӨЛДӨЛӨҢ II зат. диал.. Бир нерсенин туурасы, каршысы. Көлдөлөңүнөн ченегенде отуз метр, узуну жүз метр келген жер. Алдыңа келдим көлдөлөң, Каталык болсо кечиргин (Барпы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Астыга салынып отуруу үчүн саңсан көрпөдөн же башка териден жасалган үй буюму. Кара күрпө көлдөлөң, Баяндоз кабат бүктөгөн («Эл адабияты»). Кымка төрүнө саңсаң көлдөлөңүн жайып, эшигин ачты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
диал. 1. Бир нерсенин туурасы, каршысы. Көчөнү көлдөлөң тосуп, эл небак чогулган (Жантөшев). Алдыңа келдим көлдөлөң, каталык болсо кечиргин (Барпы). Көлдөлөңүн ченесең, Туз таман жону бар («Манас» С. О.). 2. Бир нерсенин чогулган, көп болуп жыйылган тобу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЛ-КАМЫШ — топоним. Чоң казатка аттанган Манастын колу К.-К-ты басып өтүшөт (Сагымбай Орозбаков, 4. 130). Географиялык реалияда Казакстандын Алматы облусуна караштуу аймак.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЛ-КЕЧҮҮ — топоним. Ит-Ичпес дарыясындагы терең кечүү. Кытайлардын жылкысын тийген элдик баатырлардын артынан Коңурбай куугунга түшөт. К.-К-нү көп жылкы кечип өтмөк болгондо кууп жеткен көп душман туш-туштан жабылып, Манастын минген аты Айбанбоздун начардыгынан пайдаланып айласын кетирет. Алмамбет менен Чубак жардамга келип, Манас аркы өйүзгө чыгат. Бирок, жоо Алмамбет менен Чубакты кармап алмак болгондо Алмамбеттин айтканына көнбөй Манас кайрадан К.-К-гө салып аларга жардамга келет. К.-К-дө жоонун көбүн кырып, экөөнү ажыратып алат. Аңгыча Бакай баштаган кол да жардамга келет (Сагымбай Орозбаков, 4. 331, 333—334).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кийим кенен, чоң болуп, бойго жолобой туруу. Тону өзүнө чоң, боюна жолобой көлкөйөт («Чалкан»).
2. Жоон, эттүү, эби-сыны жок адам же жаныбарлардын кыймылын, түспөлүн билдирет. Кадимкидей тагына, Көлкөйүп барып отурду (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийген кийими кенен, чоң болуп, бойго жолобой туруу. Тону өзүнө чоң келип, боюна жолобой көлкөйөт («Чалкан»). 2. Жоон, эттүү, эби-сыны жок адамдын же жаныбарлардын түспөлүн, кыймыл-аракетин билдирүү үчүн колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Эриген коргошун сыяктуу абалда, мөлт-мөлт эткен суюк, эриген абалда болуу. Көлкүлдөп алды эрисе, күрткүлүү мөңгү кар жаман (Жантөшев). Көлкүлдөп эриген коргошундай мөлт-мөлт этет («Ала-Тоо»). Көлкүлдөп агат күмүш суу (Бөкөнбаев).
2. Былкылдоо, балбыроо. Эртең менен көзүнүн алды көлкүлдөп шишиген («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. разбухнуть и стать мягким, хлюпким;
өтүк көлкүлдөп калды, чаначтай болуп (от воды) сапоги разбухли, как бурдюк;
эртең менен көзүнүн алды көлкүлдөп шишиген, мурдунун учу үшүк алган пияздай көгөргөн (у пьяницы) утром под глазами припухло, конец носа позеленел, будто морозом побитый лук;
көлкүлдөп алды эрисе, күрткүлүү мөңгү кар жаман опасен (букв. плох) вечный снег в сугробах, если низ его, подтаяв, размяк;
2. дрожать, колебаться;
эртең менен шүүдүрүм сымаптай болуп көлкүлдөйт утром роса дрожит, будто ртуть;
коргошундай көлкүлдөп (красиво, плавно) переливаясь, точно (расплавленный) свинец;
көлкүлдөп жашы төгүлдү у неё каплями катились слёзы;
көлкүлдөгөн саз колышащееся (под ногами) болото;
3. перен. (об одежде) быть не по росту просторным.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суу болгон теридей, чаначтай жибип, жупжумшак болуп калуу, былк-былк этүү. Жаргак шымы жаанга көлкүлдөп, этине жабышма болуп калды («Ала-Тоо»). Эртең менен көзүнүн алды көлкүлдөп шишиген («Чалкан»). 2. Катуу нерсе эрип, жибиген, мөлт-мөлт этип суюла баштаган абалга келүү. Көлкүлдөп эриген коргошун. Мөңгүлөр көлкүлдөп эрий баштаган жайкы ысык маал. 3. Кенен, чоң болуу (кийимге карата). Өтүгү көлкүлдөп, бутуна чоң келет тура («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Суу токтогон жер, чуңкур. Кыштын күнү арыктардан суу акпай, элдин баары көлмөлөргө гана карап калышат (Абдукаримов). Көлмөдө чардап жаткан бакалардын.. дабышын укканда.. өзүңдү ополоң-тополоңдун арасында жүргөндөй сезесиң (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Суу топтогон жер, суу толтурулган чуңкур, көлчүк. Кыштын күнү арыктардан суу акпай, элдин баары көлмөлөргө гана карап калышат (Абдукаримов). Көлмөдө балык асыроо иши бул айылдын маанилүү чарбаларынын бири болуп калды («Кыргыз Туусу»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көлкөйүү, жоон, толук болуу, көзгө толумдуу, бараандуу көрүнүү. Көлөйгөн сары абышка бурула карады да, айтылган саламды көңүл кош алик алды (Убукеев). Көлөйгөн Орунтай казанын бөксөртпөй кайнатып, элди колуна алган (Бейшеналиев). Бул өтөктө жүргөн уйлардын ар бири өзүнчө көлөйөт (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тень;
корккон көлөкөсүнөн да коркот погов. кто боится, тот и тени своей боится;
жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба погов. с ветром не бегай наперегонки, тень свою не догоняй (дело безнадёжное);
бактардын көлөкөсүндө в тени деревьев;
куштун көлөкөсүнө тоңот шутл. он от птичьей тени мёрзнет;
ала көлөкө
1) редкая, не сплошная облачность;
2) перен. ранний вечер, время перед заходом солнца (в горах оно наступает не в одно время: на южных склонах раньше, на северных - позднее);
тескей ала көлөкө болгондо когда наступит ранний вечер на северном склоне;
күңгөй ала көлөкө болгондо когда наступит ранний вечер на южном склоне;
3) перен. полутьма;
күн кеч бешим, тоо ичин ала көлөкө баскан вечереет, в горах наступила полутьма;
ала көлөкө тарткан үй полутёмная комната;
2. перен. худой, немощный, "тень одна";
тирүү эле жүрөт дебесе, - ал бир байкуш көлөкө стих. он только что жив, а то просто тень одна;
3. перен. прибежище, опора;
кайрылып, душман жолотпой, калкына болгон көлөкө стих. он опора народа, врагов близко не подпускает;
башка жакта панаалар көлөкөң жокпу? разве у тебя нет другого места, где бы ты мог голову приклонить?
көлөкөм ласк. (обращение к детям) миленький; надежда ты моя;
иттен көлөкө талашкан тот, кто изнывает от жары и не находит тени (букв. тот, кто у собаки тень оспаривает; так до революции с пренебрежением говорили богачи о бедняках, не имевших возможности летом откочевать на высокогорное пастбище).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Аалы). Тооктор тамдын көлөкөсүнө келип жатты («Жаш ленинчи»). Коркпо — ал өз көлөкөң.
¨ Ала көлөкө — текши эмес, арасында ала чокул күн тийип турган жерлери бар көлөкө. Күн кеч бешим, тоо ичин ала көлөкө баскан (Жантөшев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде көлү «көлөкөлө» этиши болгон, ага зат атооч жасоочу -га мүчөсү жалганып, көлөгө//көлүгө «көлөкө» сөзү жаралган (ДТС, 314). Азыркы кыргыз тилинде көлө этиши өзүнчө колдонулбай, андан келип чыккан көлөкө сөзү гана жашап калган. Этиштен зат атооч жасоочу -га мүчөсү тут — тутка сөзүндө даана көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин экинчи тараптагы тушуна түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Токомбаев). Арыктын боюна, тамдын көлөкөсүнө отурдум (Айтматов). 2. өт. Өтө арык, начар, араң жан. Тирүү эле жүргөнү болбосо, ал бир эптеп күн көргөн көлөкө («Чалкан»). 3. өт. Далдаа, калканч, таяныч. Кайрылып душман жолотпой, Калкына болгон көлөкө («Курманбек»). Айланайын энеке, Мен болоюн көлөкө (Токтогул). 4. өт. Бала, туяк. Көлөкөсүз жүргөнчө, Бир балалуу болуп кал (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн. Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн («Ленинчил жаш»). Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көлөкө түшкөн жерде отуруу. Талдын түбүндө көлөкөлөп отурган балдар [Алымкулдарга] чуркаган бойдон жетип келишти (Абдукаримов).
2. Көлөкө түшүү, көлөкө кылуу. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөйт булут баскан (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көлөкө кылуу, күндүн, айдын бетин тосуп, көлөкөсүн түшүрүү. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөп булут баскан (Токомбаев). 2. Көлөкө түшкөн жерде болуу, көлөкөдө отуруу. Көлөкөлөп отурган адамдар көп (Баялинов). Талдын түбүндө көлөкөлөп отурган балдар чуркаган бойдон Алымкулга жетип келишти (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
тенистый;
көлөкөлүү арчада атын суутуп жатканда стих. когда он под тенистой арчой охлаждал коня своего;
көлөкөлүү чынар
1) тенистый чинар;
2) перен. прибежище, опора;
калың кыргыз журтунун көлөкөлүү чынары фольк. опора многочисленных киргизских народных масс.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин кичине-чоң же аз-көп деп айтууга негиз болгон жалпы көрүнүшү, анын узун-туурасын, бийиктигин ж. б. ченөө аркылуу аныкталган жалпы өлчөмү. Иштин көлөмү. Үйдүн көлөмү. Жүктүн көлөмү. Шардын көлөмү. Китептин көлөмү.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЛӨП (тажикче Куляб) — топоним. Сагымбай Орозбаков вариантында жана башка манасчылардын варианттарында кыргыздар мекендеп келген жерлердин бири катары көп эскерилет. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Бокмурун атасын көмгөнү элге кабар жиберип «Аягы Ысар, Көлөптү, Башы Жызак, Жөлөктү, Кабар берип баарысын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 43) чакыртканда айтылат. К. эпоско 1635 —36-ж. кыргыздардын бир бөлүгү Ысар, К-кө келгенде (к. Ысар) кирип калган. Анткени, бул жылы Махмуд ибн Валинин «Бахр ал-асрар» аттуу кол жазма чыгармасындагы маалыматка караганда 12000 түтүн кыргыз К. менен Ысарга кыш мезгилде келген. Азыркы кезде ошол келген кыргыздар Тажикстанда, көпчүлүгү Ооганстан менен Пакистанда Памир тоолорун жердеп турушат.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Түштүк диалектиде кәләч// кәләш деп да айтылат. Кыргыз тилине орус тилинен (галоши), орус тилине болсо немис тилинен (Galosche) кирген. Орус тилин тазалайбыз дегендер учурунда бул сөздүн ордуна мокроступ деген төл сөздү сунуш кылышканы менен алынып кеткен эмес. Көлөч адатта резинадан жасалат, буга чейинки териден жасалганы кепич деген иран тилдеринен кирген сөз менен аталып келген. «Ж.Абдыракмановдун ушуга байланыштуу дагы бир мисалында бир сүткор кыргызга берген бир жуп көлөшү үчүн арадан үч жылдан кийин тайлактуу төө, бир жылкы алганы айтылат.». «Бут кийим мурунку бойдон — бийик такалуу өтүк сакталып кала берген, бирок такасы жок жана жумшак тамандуу өтүктөр – маасы көбүрөөк тарай баштаган. Аларды булгаары көлөчтөр — кепич менен, сейрек учурда резина көлөч менен кийишкен.» (КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МАДАНИЯТЫНЫН ОЧЕРКИ) «Күн төбөдөн тоголду, Күлүгүм көлөч жоголду, Ай төбөдөн тоголду, Аягыма чак келген Алтынчы көлөч жоголду» (Коргоол)

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (об одежде) быть просторным и красивым;
2. (о человеке в просторной, новой и дорогой одежде) важно и плавно двигаться;
шайы чапан менен көлпүп басты он важно проследовал в своём шёлковом халате.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЛ-СУУ — топоним. Манас калмак-кытайлар башта басып алган ата журтун бошото баштаганда анын Кочкор өрөөнүнө жиберген колу душмандын айрым бөлүктөрүн ушул жерде багынткан. «Азыркы атын Түндүк дейт, Андагы аты Көл-Суу дейт» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 541—-543-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү жайлоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
рабочий скот, вьючный скот (гл. обр. лошади);
башка көлүк тарталбай, нар буурага жүктөгөн фольк. (все драгоценности) ни одно животное нести не могло, навьючили на одногорбого верблюда;
музоолору букачар, жүк көтөргөн көлүктөй стих. телята-сосунки у них что бычки-третьячки, подобны вьючным животным (на них так же можно возить, как на взрослых);
көлүгүнөн айрылып, көп адамдар жөө болгон фольк. лишившись своих коней, много людей осталось пешими;
эки күнгө ээси бербейт, бир күнгө көлүк өлбөйт погов. на два дня хозяин не даёт, а за один день скотина не издохнет (гони или навьючивай, нечего жалеть чужого коня!; лошадь чужая, хомут не свой - погоняй, не стой!);
машина-көлүк базасы машинно-конная база;
трактор-көлүк базасы тракторо-конная база;
ат-көлүк аманбы? благополучно ли путь держите? (одна из форм приветствия по адресу путника).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ат, унаа, жалпы эле мингич мал маанисинде. Күч көлүгүн семиртип, Байлаган элди карачы (Токтогул). Станцияга келсең, араба-көлүктөн басарга орун жок (Айтматов). 2. Жүк жүктөөчү унаа (адатта, бул түшүнүккө төө кошулбайт). Тыныктырып көлүгүн («Манас» С. О.).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Жүк жүктөөчү унаа» маанисиндеги көлүк сөзү көл+үк бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде көл этиши «чөк» деген маани берген (ДТС, 314). Ага зат атооч жасоочу -ык мүчөсү жалганып, көлүк «жүк жүктөөчү унаа» сөзү жаралган. Азыркы кыргыз тилинде көл этиши жогоркудай мааниде айтылбайт, бирок андан жаралган көлүк сөзү гана колдонулат.