КӨЛБАЙ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КӨЛБАЙ — кейипкер. Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндөн кийин агаларына кошулуп, Манастын үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүп, дүнүйөсүн талап алууга катышкан. Кочкордун көкүтүүсү менен кырк чоро экинчи жолу качканда алар менен кошо Семетейдин колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 2. 249; 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339).