Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Жүк жүктөөчү унаа» маанисиндеги көлүк сөзү көл+үк бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде көл этиши «чөк» деген маани берген (ДТС, 314). Ага зат атооч жасоочу -ык мүчөсү жалганып, көлүк «жүк жүктөөчү унаа» сөзү жаралган. Азыркы кыргыз тилинде көл этиши жогоркудай мааниде айтылбайт, бирок андан жаралган көлүк сөзү гана колдонулат.