көлөч//көлөш
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыТүштүк диалектиде кәләч// кәләш деп да айтылат. Кыргыз тилине орус тилинен (галоши), орус тилине болсо немис тилинен (Galosche) кирген. Орус тилин тазалайбыз дегендер учурунда бул сөздүн ордуна мокроступ деген төл сөздү сунуш кылышканы менен алынып кеткен эмес. Көлөч адатта резинадан жасалат, буга чейинки териден жасалганы кепич деген иран тилдеринен кирген сөз менен аталып келген. «Ж.Абдыракмановдун ушуга байланыштуу дагы бир мисалында бир сүткор кыргызга берген бир жуп көлөшү үчүн арадан үч жылдан кийин тайлактуу төө, бир жылкы алганы айтылат.». «Бут кийим мурунку бойдон — бийик такалуу өтүк сакталып кала берген, бирок такасы жок жана жумшак тамандуу өтүктөр – маасы көбүрөөк тарай баштаган. Аларды булгаары көлөчтөр — кепич менен, сейрек учурда резина көлөч менен кийишкен.» (КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МАДАНИЯТЫНЫН ОЧЕРКИ) «Күн төбөдөн тоголду, Күлүгүм көлөч жоголду, Ай төбөдөн тоголду, Аягыма чак келген Алтынчы көлөч жоголду» (Коргоол)