көл
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Кургактыктын суу толуп калган табигый туюк чуңкурлары. Керилген тоолорго, көгөргөн көлгө суктана карайт (Сыдыкбеков). Кел жок болсо дүйнөдө, Балык болбойт эмеспи (Бөкөнбаев).
¨ Көз жашын көл кылуу — катуу ыйлоо, жаш төгүү. Көзүнүн жашын көл кылып, Какшап ыйлап боздоду (Жантөшев). Көл-шал тердөө к. шал III.
- 2. сүйл. Ысык-Көл өрөөнү.
- 3. өт. Мүнөзү абдан токтоо, оор басырыктуу, кабак-кашым дебеген. Көл жигит.
¨ Көз жашын көл кылуу — катуу ыйлоо, жаш төгүү. Көзүнүн жашын көл кылып, Какшап ыйлап боздоду (Жантөшев). Көл-шал тердөө к. шал III.