Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбөйүү, көп болуп агуу, ашып-ташуу. Кар эрип түз мейкинде суулар көлдөп (Үсөнбаев). Көздүн жашы кургабай, Көлдөп агып турат го (Токтогул). Ак алтын чыгар күбөктөн, Береке көлдөп билектен (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көлдөлөң I
подстилка из мерлушек или саксака или козьей шкуры;
жүнү тайкы эчки көлдөлөң подстилка из козьей шкуры с коротким мехом;
төргө көлдөлөң жайып разостлав на почётном месте подстилку.
көлдөлөң II
1. поперёк; поперечный;
көчөнү көлдөлөң тосуп, эл эбак чогулган народ давно собрался, загородив улицу;
жолго көлдөлөңүнөн жатып калды он улёгся поперёк дороги;
2. южн. множество животных (в одном месте);
көлдөлөң ат множество лошадей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Астыга салынып отуруу үчүн саңсаң көрпөдөн, териден жасалган үй буюму. Акия төргө көлдөлөң жайды (Сыдыкбеков). [Шырдактын] үстүндө үчтөн бирине жетпей кара саңсаң көлдөлөң жатат (Сыдыкбеков).
КӨЛДӨЛӨҢ II зат. диал.. Бир нерсенин туурасы, каршысы. Көлдөлөңүнөн ченегенде отуз метр, узуну жүз метр келген жер. Алдыңа келдим көлдөлөң, Каталык болсо кечиргин (Барпы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Астыга салынып отуруу үчүн саңсан көрпөдөн же башка териден жасалган үй буюму. Кара күрпө көлдөлөң, Баяндоз кабат бүктөгөн («Эл адабияты»). Кымка төрүнө саңсаң көлдөлөңүн жайып, эшигин ачты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
диал. 1. Бир нерсенин туурасы, каршысы. Көчөнү көлдөлөң тосуп, эл небак чогулган (Жантөшев). Алдыңа келдим көлдөлөң, каталык болсо кечиргин (Барпы). Көлдөлөңүн ченесең, Туз таман жону бар («Манас» С. О.). 2. Бир нерсенин чогулган, көп болуп жыйылган тобу.