Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде көлү «көлөкөлө» этиши болгон, ага зат атооч жасоочу -га мүчөсү жалганып, көлөгө//көлүгө «көлөкө» сөзү жаралган (ДТС, 314). Азыркы кыргыз тилинде көлө этиши өзүнчө колдонулбай, андан келип чыккан көлөкө сөзү гана жашап калган. Этиштен зат атооч жасоочу -га мүчөсү тут — тутка сөзүндө даана көрүнөт.