1. тень; корккон көлөкөсүнөн да коркот погов. кто боится, тот и тени своей боится; жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба погов. с ветром не бегай наперегонки, тень свою не догоняй (дело безнадёжное); бактардын көлөкөсүндө в тени деревьев; куштун көлөкөсүнө тоңот шутл. он от птичьей тени мёрзнет; ала көлөкө 1) редкая, не сплошная облачность; 2) перен. ранний вечер, время перед заходом солнца (в горах оно наступает не в одно время: на южных склонах раньше, на северных - позднее); тескей ала көлөкө болгондо когда наступит ранний вечер на северном склоне; күңгөй ала көлөкө болгондо когда наступит ранний вечер на южном склоне; 3) перен. полутьма; күн кеч бешим, тоо ичин ала көлөкө баскан вечереет, в горах наступила полутьма; ала көлөкө тарткан үй полутёмная комната; 2. перен. худой, немощный, "тень одна"; тирүү эле жүрөт дебесе, - ал бир байкуш көлөкө стих. он только что жив, а то просто тень одна; 3. перен. прибежище, опора; кайрылып, душман жолотпой, калкына болгон көлөкө стих. он опора народа, врагов близко не подпускает; башка жакта панаалар көлөкөң жокпу? разве у тебя нет другого места, где бы ты мог голову приклонить? көлөкөм ласк. (обращение к детям) миленький; надежда ты моя; иттен көлөкө талашкан тот, кто изнывает от жары и не находит тени (букв. тот, кто у собаки тень оспаривает; так до революции с пренебрежением говорили богачи о бедняках, не имевших возможности летом откочевать на высокогорное пастбище).
зат. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Аалы). Тооктор тамдын көлөкөсүнө келип жатты («Жаш ленинчи»). Коркпо — ал өз көлөкөң. ¨ Алакөлөкө — текши эмес, арасында ала чокул күн тийип турган жерлери бар көлөкө. Күн кеч бешим, тоо ичин ала көлөкө баскан (Жантөшев).
1. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин экинчи тараптагы тушуна түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Токомбаев). Арыктын боюна, тамдын көлөкөсүнө отурдум (Айтматов). 2. өт. Өтө арык, начар, араң жан. Тирүү эле жүргөнү болбосо, ал бир эптеп күн көргөн көлөкө («Чалкан»). 3. өт. Далдаа, калканч, таяныч. Кайрылып душман жолотпой, Калкына болгон көлөкө («Курманбек»). Айланайын энеке, Мен болоюн көлөкө (Токтогул). 4. өт. Бала, туяк. Көлөкөсүз жүргөнчө, Бир балалуу болуп кал (Токтогул).
Байыркы түрк тилинде көлү «көлөкөлө» этиши болгон, ага зат атооч жасоочу -га мүчөсү жалганып, көлөгө//көлүгө «көлөкө» сөзү жаралган (ДТС, 314). Азыркы кыргыз тилинде көлө этиши өзүнчө колдонулбай, андан келип чыккан көлөкө сөзү гана жашап калган. Этиштен зат атооч жасоочу -га мүчөсү тут — тутка сөзүндө даана көрүнөт.
Кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн. Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Каимов).
Кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп, сыртынан божомолдоп жорута берүү, курулай кыялдануу. Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн («Ленинчил жаш»). Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Каимов).
Көз алдынан кетпөө, эч калбоо. Ал калпагы кайчыланып, көзү букардын бычагындай жалаңдаган, жүүнү тирүү боз уландын элеси аны көлөкөдөй ээрчип алган (Осмоналиев).
Артынан калбай ээрчип алуу. Ал калпагы кайчыланып, көзү букардын бычагындай жалаңдаган, жүүнү тирүү боз уландын элеси аны көлөкөдөй ээрчип алган (Осмоналиев).
этиш.1. Көлөкө түшкөн жерде отуруу. Талдын түбүндө көлөкөлөп отурган балдар [Алымкулдарга] чуркаган бойдон жетип келишти (Абдукаримов).
2. Көлөкө түшүү, көлөкө кылуу. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөйт булут баскан (Аалы).
1. Көлөкө кылуу, күндүн, айдын бетин тосуп, көлөкөсүн түшүрүү. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөп булут баскан (Токомбаев). 2. Көлөкө түшкөн жерде болуу, көлөкөдө отуруу. Көлөкөлөп отурган адамдар көп (Баялинов). Талдын түбүндө көлөкөлөп отурган балдар чуркаган бойдон Алымкулга жетип келишти (Абдукаримов).
shader (noun)
A graphics function which calculates computer image effects pixel by pixel allowing control of the lighting, shading and color of each individual pixel.
тенистый; көлөкөлүү арчада атын суутуп жатканда стих. когда он под тенистой арчой охлаждал коня своего; көлөкөлүү чынар 1) тенистый чинар; 2) перен. прибежище, опора; калың кыргыз журтунун көлөкөлүү чынары фольк. опора многочисленных киргизских народных масс.
сын. Көлөкөсү бар, көлөкө түшкөн [Теректин] бутактары калың жалбырактап, түптөрү көлөкөлүү (Сыдыкбеков). Үйдүн бурч жагында дүкүйгөн көлөкөлүү тал (Турусбеков).
Ашкере коркоктук кылуу, болор-болбостон корко берүү, өзүнөн-өзү чочулап туруу. Ошонуңдун колунан келет дейсиңби? Ал көлөкөсүнөн корккон неме (Осмоналиев).
Салакасын тийгизүү, жамандык кылуу. Өзүнө көлөкө түшүрбөй, «ушул иште бар бололу» деп антташкан досу Нурбайга көлөкө түшүрдү (Сыдыкбеков). Кана эми кимге көлөкө түшүрүп жатат («Кыргызстан маданияты»),
Салакасын тийгизүү, жамандык кылуу. Өзүнө көлөкө түшүрбөй, «ушул иште бар бололу» деп антташкан досу Нурбайга көлөкө түшүрдү (Сыдыкбеков). Кана эми кимге көлөкө түшүрүп жатат («Кыргызстан маданияты»).