Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Аалы). Тооктор тамдын көлөкөсүнө келип жатты («Жаш ленинчи»). Коркпо — ал өз көлөкөң.
¨ Ала көлөкө — текши эмес, арасында ала чокул күн тийип турган жерлери бар көлөкө. Күн кеч бешим, тоо ичин ала көлөкө баскан (Жантөшев).