Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин экинчи тараптагы тушуна түшкөн сөлөкөтү. Токтогул асканын көлөкөсүнө жатып үргүлөп кетти (Токомбаев). Арыктын боюна, тамдын көлөкөсүнө отурдум (Айтматов). 2. өт. Өтө арык, начар, араң жан. Тирүү эле жүргөнү болбосо, ал бир эптеп күн көргөн көлөкө («Чалкан»). 3. өт. Далдаа, калканч, таяныч. Кайрылып душман жолотпой, Калкына болгон көлөкө («Курманбек»). Айланайын энеке, Мен болоюн көлөкө (Токтогул). 4. өт. Бала, туяк. Көлөкөсүз жүргөнчө, Бир балалуу болуп кал (Токтогул).