Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЛ-СУУ — топоним. Манас калмак-кытайлар башта басып алган ата журтун бошото баштаганда анын Кочкор өрөөнүнө жиберген колу душмандын айрым бөлүктөрүн ушул жерде багынткан. «Азыркы атын Түндүк дейт, Андагы аты Көл-Суу дейт» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 541—-543-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү жайлоо.