КӨЛКҮЛДӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Суу болгон теридей, чаначтай жибип, жупжумшак болуп калуу, былк-былк этүү. Жаргак шымы жаанга көлкүлдөп, этине жабышма болуп калды («Ала-Тоо»). Эртең менен көзүнүн алды көлкүлдөп шишиген («Чалкан»). 2. Катуу нерсе эрип, жибиген, мөлт-мөлт этип суюла баштаган абалга келүү. Көлкүлдөп эриген коргошун. Мөңгүлөр көлкүлдөп эрий баштаган жайкы ысык маал. 3. Кенен, чоң болуу (кийимге карата). Өтүгү көлкүлдөп, бутуна чоң келет тура («Ала-Тоо»).