Киргизско-русский словарь Юдахина
рабочий скот, вьючный скот (гл. обр. лошади);
башка көлүк тарталбай, нар буурага жүктөгөн фольк. (все драгоценности) ни одно животное нести не могло, навьючили на одногорбого верблюда;
музоолору букачар, жүк көтөргөн көлүктөй стих. телята-сосунки у них что бычки-третьячки, подобны вьючным животным (на них так же можно возить, как на взрослых);
көлүгүнөн айрылып, көп адамдар жөө болгон фольк. лишившись своих коней, много людей осталось пешими;
эки күнгө ээси бербейт, бир күнгө көлүк өлбөйт погов. на два дня хозяин не даёт, а за один день скотина не издохнет (гони или навьючивай, нечего жалеть чужого коня!; лошадь чужая, хомут не свой - погоняй, не стой!);
машина-көлүк базасы машинно-конная база;
трактор-көлүк базасы тракторо-конная база;
ат-көлүк аманбы? благополучно ли путь держите? (одна из форм приветствия по адресу путника).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Жүк жүктөөчү унаа» маанисиндеги көлүк сөзү көл+үк бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде көл этиши «чөк» деген маани берген (ДТС, 314). Ага зат атооч жасоочу -ык мүчөсү жалганып, көлүк «жүк жүктөөчү унаа» сөзү жаралган. Азыркы кыргыз тилинде көл этиши жогоркудай мааниде айтылбайт, бирок андан жаралган көлүк сөзү гана колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ат, унаа, жалпы эле мингич мал маанисинде. Күч көлүгүн семиртип, Байлаган элди карачы (Токтогул). Станцияга келсең, араба-көлүктөн басарга орун жок (Айтматов). 2. Жүк жүктөөчү унаа (адатта, бул түшүнүккө төө кошулбайт). Тыныктырып көлүгүн («Манас» С. О.).