көлүк Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Жук жүктөлүүчү унаа, мал. Көлүгүңдү жоорутпай, Көңүлүңдү оор утпай, Көөнүңдү табар эл ошол («Семетей»). Күч көлүгүн семиртип, Байлаган элди карачы (Токтогул).