КӨЛӨЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көлкөйүү, жоон, толук болуу, көзгө толумдуу, бараандуу көрүнүү. Көлөйгөн сары абышка бурула карады да, айтылган саламды көңүл кош алик алды (Убукеев). Көлөйгөн Орунтай казанын бөксөртпөй кайнатып, элди колуна алган (Бейшеналиев). Бул өтөктө жүргөн уйлардын ар бири өзүнчө көлөйөт (Убукеев).