Киргизско-русский словарь Юдахина
уч I
1. конец, остриё;
таяктын учу острый конец палки;
найзанын учу остриё копья;
найза учунда турасың фольк. тебя вот-вот прикончат;
кулактын учу мочка уха;
калем уч перо (для письма);
2. редко, то же, что учук II 1;
учуң узарып, уругуң көбөйсүн! желаю, чтоб род твой продолжался и множился!;
учу узарып, көктөп өссүн! пусть род его продолжится и благоденствует!;
ооз учунан жооп кайтарды он ответил только для видимости;
ооз учунан айт- сказать, чтобы только отделаться;
көз учунан беглым взглядом;
учуна жет- исчерпать;
бул өңдүү фактыларды көрсөтүп, учуна жетүү кыйын, эң көп исчерпать подобные факты очень трудно, их много;
кептин учуна чык-
1) закончить свою речь;
2) сдержать своё слово, исполнить своё обещание;
кептин учуна чыкпады
1) он не закончил свою речь;
2) он не сдержал своего слова, не выполнил обещания;
атасынан калган малдын учуна чыкты он промотал скот, оставшийся от отца;
сары убайымдын учуна чыга албай келе жатат он никак не может отделаться от горестных мыслей;
окуянын учу-кыйрына жете албады он не мог глубоко, до конца разобраться в событиях;
ант учуна чыкты он нарушил клятву от начала до конца;
көздүн учунда вдали, куда едва глаз достаёт;
тилимдин эле учунда турат вертится вот на языке;
жең учу менен суйлөш- (о маклерах на базаре) договариваться о цене, держа другого за руку в рукаве и отсчитывая по пальцам (см. уучташ-, жең I);
учу-кыйыры жок бескрайний, необъятный;
учу-кыйрына көз жетпеген улуу Родинабыз наша необъятная великая Родина;
эл учу-түбү чогулган собрался весь народ от мала до велика;
калемдин учу менен росчерком пера.
уч II
эс-учу жок см. эс I.
уч- III
1. летать, лететь;
учуп кел- прилететь;
учуп кет- улететь;
асмандап уч- или оболоп уч- летать высоко;
дайрып уч- взмыть;
калкып уч- парить плавно;
кайпып уч- лететь бреющим полётом;
2. перен. (только о детях) умереть;
учуп кетти (ребёнок) умер;
3. стираться, выцветать (о красках); сохнуть, желтеть, жухнуть (о растениях);
боёк учуп, жок болуп калды краски (от времени) стёрлись;
чөп учуп кетти трава (при внезапной засухе, при суховее) посохла;
тоодон уч- свалиться с горы;
окко уч- быть застреленным; погибнуть от стрелы, от пули;
алып учкан кыял пылкое воображение;
көздөн уч- быть предметом большого желания;
көзүнөн акча учуп калды он очень нуждается в деньгах;
жакын туугандан көзү учуп, жалгызсырап жүрөт он чувствует себя одиноким, тоскуя по близким родственникам;
учуп-күйүп стремительно, энергично;
учуп кал- слететь (с места, с должности).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кандайдыр бир нерсенин бүткөн жери, эң баш жагы, жогору жагы, кылда башы, чети. Тенти карандашынын учу менен партаны тыкылдатып, балдарды тартипке чакырды (Бейшеналиев). Бүбүш жеңинин учу менен маңдайындагы терин сүрттү («Ала-Тоо»).
Калем уч к. калем 1. Ооз учунан жооп кайтаруу — көңүлдөнбөй, арсарсып туруп, араң эле жооп берүү. Ооз учунан жооп кайтарды. Учуна чыгуу — аягына чыгуу, түгөтүү, жок кылуу. Малдын учуна чыкты. Тил учунда — айтайын дегенин айтпай калуу, токтотуп коюу. Ал тамашасын тилинин учунда токтотту (Сыдыкбеков). Көз учунда — алыста, кыжеткен жерде; көз алдында. Көк муз жамынган төрлөрү да көз учунда мелтирейт (Сыдыкбеков). Ашым көз учунан жамыратып, дептерди кайра барактады (Сыдыкбеков). Учу-кыйыр к. кыйыр. Учу узарууиши илгерилөө, жакшылыкка жетүү, укум-тукуму көбөйүү. Учуң узарсын кагылайын! Эмгек учуңду узартып, уругуңду көбөйтөт! (Жантөшев).
УЧ II: эс-учун жыюу к. эс I.
УЧ III этиш. 1. Асманга, абага көтөрүлүү (мис., канаттуулар, самолёт ж. б.) Карагай-Булак, Чоң-Ак-Суу, Көлдөн учту көп ак куу (Сыдыкбеков).
2. Тез чуркоо, тез жүгүрүү, тез жүрүү. Туяктын чаңы буркурап, Тулпарым учат зыркырап (Аалы).
3. Тез өтүү (мис., мезгил, убакыт). Күндөр учту, балапандай шакшадың, Класстардан класстарга аттадың (Аалы). Учат-учат аяңдабай, Өмүр деген дилгирем (Аалы).
4. Жыгылып түшүү, кулап түшүү, ыргып кетүү. Зоодон учкан ошол күнку Кара мерген эсимде (Аалы). Көк сүлөөсүн кундуз бөрк, Учуп түштү баштагы («Манас»).
5. Алга карай умтулуу, тез илгерилөө. Күндөп гүлдөп алгалап, Темптер менен учабыз (Аалы).
6. Эргүү, толкундануу. Кыялы учту. Көңүлү көккө учту.
7. өт. Өлүү. Күкүгүм учту элимден, Күлпөтүм кетти жеримден (Токтогул).
Көздөн учуу к. каз. Жүрөгү алып учуу — жүрөгү токтоно албоо. Жүрөгүм алып учуп, уктагым келбеди (Жантөшев). Куту учуу — 1) бакты-таалайы кетүү, иши кыйшаңдоо; 2) абдан коркуп кетүү, үрөйлөнүп, өңү өзгөрө түшүү. Учуп-күйүү — кандайдыр бир нерсеге катуу шашуу, жан алакетке келүү, өтө тез кыймылдоо же өтө капа болуу. [Койчу] учуп-күйүп барып, чаначына суу алып келип,.. алоолонто от жакты (Сасыкбаев). Үрөйү учуу — абдан коркуп кетүү, коркуп, өңү өзгөрө түшүү. Эки жолдошу аны [Кычанды] бул абалдан кутказмак турсун, өзүлөрүнүн үрөйлөрү учту (Бейшеналиев). Экинчи жолу, жигиттер, кымыз куйганда үрөйүм учту (Абдукаримов). Окко учуу — ок тийип өлүү, октон өлүү. Айткулу үркүндө окко учкан (Баялинов). Аты окко учкан башы аман Жаралуу болгон далай жан («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. крестец, задок;
курсагы учасынын тышында, куйругу кулагынын учунда загадка брюхо его поверх крестца, хвост его на концах ушей (отгадка комуз);
2. сев. почечная часть конской туши; южн. (местами) почечная часть овечьей или козьей туши;
учаны, кадырлув деп, эркектерге, дөштү аялдарга беревиз южн. почечную часть, считая лучшей (букв. почётной), подаём мужчинам, грудинку - женщинам;
бейли жакшы кең болсо, майы калың учадай стих. (хозяйка) с добрым нравом и щедрая подобна жирной почечной части (конской туши);
3. спинка (пальто, пиджака);
кудай учаңан ургур! проклятие порази тебя бог в крестец!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жетим арка менен чычаңдын ортосуна жайланышып, эки жамбашты бириктирип туруучу туташып кеткен омуртка жана дененин ушул бөлүгү (көбүнчө жылкыга карата). Учаны алыңыз, жол сиздики (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: 1. учантеңиз — учу-кыйры жок. чексиз. Учан теңиз көп журтум, Угуп көөнү жаркыган (Тоголок Молдо).
2. Кийимдин (мис., пальто, бешмант ж. б.) эки өңүрүнүн ортосуна келген аркасы, арткы бөлүгү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уч-кыйырына көз жеткис, чексиз, сан жеткис. Учан теңиз, даркан талаа (Даникеев). Учан теңиз мал союп, Мейман кылып күтүптүр («Эл адабияты»). Айша апа ат жалынан көзүн албай, өзүнчө учан теңиз ойдо келет (Даникеев). Сиз айткандай учан теңиз калың калайыкка белгилүү эрке аты Тоголок Молдо көчөсү аталды (Бейшеналиев). Учан теңиз көп журтум, Угуп көөнү жаркыган (Тоголок Молдо). 2. Кийимдин (мис., пальто, бешмант ж. б.) эки өңүрүнүн ортосуна келген аркасы, арткы бөлүгү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (соучастие, сотрудничество) катышуу;
деятельное участие в общественной жизни коомдук турмушка ишкердүүлүк менен катышуу;
при участии (с участием) кого-л. бирөөнүн катышуусу менен;
концерт с участием лучших артистов мыкты артисттердин катышуусу менен болгон концерт;
2. (обладание долей в каком-л. деле) катышуу, ортоктош болуу, үлүштөш болуу, шерик болуу;
3. (сочувствие) каралашуу, ортоктошуу, жардамдашуу;
проявить участие каралашуу;
слушать с живым участием ортоктошуп кызыгып угуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. что
1. (сделать чаще) көп (жыш) кылуу, кайталай берүү;
он участил свои посещения ал көп келүүчү болду;
2. (ускорить) тездетүү, ылдамдатуу;
участить темп игры оюндун темпин тездетүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. катышуучу;
участник Великой Отечественной войны Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу;
участник экспедиции экспедициянын катышуучусу;
участник соревнования мелдештин катышуучусу;
2. (обладатель доли в каком-л. деле) катышуучу, шерик, орток.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЙРЫМДУУЛУК ИШИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ – кайрымдуулук иштерин жасаган, анын ичинде иштеп жаткан кайрымдуулук уюмдарын колдоо же жаңысын түзүү жолу аркылуу көмөк көрсөткөн жарандар менен юридикалык жактар, ошондой эле алардын кызыкчылыгы үчүн кайрымдуулук иштери жасалган жарандар менен юридикалык жактар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖҮРҮМҮНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫ – окуучулар (тарбиялануучулар), мугалимдер, билим берүү уюмунун окутуу-жардамдашуу жана башкаруу кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАМСЫЗДАНДЫРУУ БАЗАРЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫкамсыздануучулар, камсыздандыруучу, камсыздандыруу агенти, камсыздандыруу далдалчылары , кайра камсыздандыруу далдалчылары, кайра камсыздандыруу компаниялары.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨНӨРЖАЙЛЫК-КАРЖЫ ТОБУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ – өнөржайлык-каржы тобун (ӨКТ) түзүү жөнүндөгү келишимге кол койгон юридикалык жактар, алар тарабынан уюштурулган борбордук ӨКТ компаниясы, болбосо ӨКТ түзгөн негизги же туундуу коомдор.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Төлөө системасынын катышуучусу (Payment system participant/ member) —Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери, финансы-кредиттик эмес уюмдар жана төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка кызматтарды сунуштаган башка уюмдар. Төлөм системасынын катышуучусу анын оператору болушу мүмкүн, эгерде төлөм системасынын иши катышуучу тарабынан камсыз кылынган болсо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Өзүнчө бир бөлүк жер. Курулуштун устасы Матвеев участоктун жайын түшүндүрүп жатты (Сасыкбаев).
2. Администрациялык-территориялык жагынан же өндүрүштүк жактан бөлүнгөн жер, бөлүк. Шайлоо участогу.
3. Кандайдыр бир иштин тармагы, бөлүгү. Саясий агитацияпартиялык иштин эң маанилүү участогу («Коммунист»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. участок (өзүнчө бир бөлүк жер);
земельный участок жер участогу;
приусадебный участок короо алдындагы участок; там арка;
2. участок (администрациялык жагынан бөлүнгөн жер);
избирательный участок шайлоо участогу;
врачебный участок врачтык участок;
3. (часть поверхности) жер;
поражённый участок кожи теринин бузулган жери;
4. перен. (область, сфера) бөлүк, жер;
важный участок работы иштин олуттуу, орчундуу бөлүгү;
5. воен. участок, бөлүк;
участок обороны полка полктун коргонуу участогу;
6. уст. (отделение городской полиции) участок (шаардык полициянын бөлүмү).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. учёба-га т.;
учебный год окуу жылы;
учебные пособия окуу куралдары;
высшее учебное заведение жогорку окуу жайы;
специалъное учебное заведение атайын окуу жайы;
учебная часть окуу бөлүмү;
учебный план окуу планы;
2. (тренировочный) окуу жүргүзүүчү, үйрөнүүчү, үйрөнүү үчүн;
учебное судно окуу жүргүзүүчү кеме, үйрөнүүчү кеме;
учебная стрельба үйрөнүү үчүн атуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. окуу, окутуу, үйрөнүү, үйрөтүү;
годы учения окуу жылдары;
кончить учение окууну аяктоо (бүтүрүү);
2. (наука, теория) окуу, илим;
марксистско-ленинское
учение о партии партия жөнүндөгү марксисттик-лениндик окуу;
мичуринское учение мичуриндик окуу;
3. воен. окуу, үйрөнүү, үйрөтүү;
строевое учение стройго үйрөтүү;
проводить учения окуу өткөрүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (много знающий) окумуштуу, билимдүү;
учёные люди окумуштуу адамдар;
2. в знач. сущ. м. окумуштуу, илимпоз;
советские учёные советтик окумуштуулар;
учёный с мировым именем бүткүл дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу;
3. (научный) илимий;
учёный совет илимий совет;
учёная степень илимий даража;
учёное звание илимий наам;
4. (дрессированный) үйрөтүлгөн;
учёная собака үйрөтүлгөн ит.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИ – билим берүү мекемесине жалпы жетекчилик кыла турган шайлануучу өкүлчүлүк органы. О. к-нин иши билим берүү мекемесинин ишин камсыздандыруу жана өркүндөтүү маселелерин чечүүгө багытталат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. что (принять во внимание) эске алуу, эсепке алуу;
я учёл его замечание мен анын айтканын эске алдым;
2. кого-что (подсчитать) эсептөө, эсепке алуу, эсебин алуу;
учесть расходы чыгымды эсепке алуу;
учесть всех специалистов бардык специалисттерди эсепке алуу;
учесть вексель фин. векселди учёт кылуу (бирөөнүн вексели боюнча сроктон муруп төлөп, аны кийин карыздар кишиден өндүрүп алуу).

Киргизско-русский словарь Юдахина
в разн. знач. учёт;
учётко ал- взять на учёт;
учёттон чык- сняться с учёта;
учётко тур- стать на учёт;
партиялык учёт партийный учёт;
учёт-отчёт иштери учётно-отчётная работа;
векселди учёт кылуу учёт векселя.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. учёт, эсеп, эсептөө, эсепке алуу, эсебин алуу;
учёт товаров товарларды эсепке алуу;
бухгалтерский учёт бухгалтериялык эсеп;
2. офиц. (регистрация) учёт;
стать на учёт учётко туруу;
сняться с учёта учёттон чыгуу;
брать на учёт учётко алуу.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Эсептик чен (Discount rate) —Акча-кредит саясатынын инструменти, ал Борбордук банк тарабынан белгиленген пайыздык ченди түшүндүрөт жана экономикада акча ресурстарынын баасынын базалык көрсөткүчү катары кызмат кылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Кошуп эсептөө ыкмасы боюнча пайыздарды эсепке алуу (Accrual of Interest Costs) —Пайыздык чыгашаларды/кирешелерди эсепте дайыма чагылдырып туруу, капиталды сунуштоо менен капитал наркынын катышын аныктоого өбөлгөтүзөт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. кого-что чему и с неопр. (преподавать) окутуу, үйрөтүү; сабак берүү;
учить русскому языку орус тилин үйрөтүү, орус тилин окутуу;
2. что (изучать) окуу, үйрөнүү;
учить историю тарыхты үйрөнүү;
учить наизусть жаттоо;
3. кого (поучать) акыл айтуу;
4. с союзом "что" (развивать мысль, теорию) үйрөтүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
окуу, үйрөнүү;
учиться в высшей школе жогорку мектепте окуу;
век живи, век учись погов. окууга карылык жок; билимге карылык жок;
учиться на собственных ошибках өз керт башынын жаңылыштыктарынан үйрөнүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсенин бүткөн жери, эң баш жагы, жогору жагы, кылда башы, чети. Тенти карандашынын учу менен партаны тыкылдатып, балдарды тартипке чакырды (Бейшеналиев). Бүбүш жеңинин учу менен маңдайындагы терин сүрттү («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Асманга, абага көтөрүлүү (мис. канаттуулар, самолёт ж.б.) Карагай-Булак, Чоң Ак-Суу, Көлдөн учту көп ак куу (Сыдыкбеков). 2. өт. Тез чуркоо, тез жүгүрүү, тез жүрүү. Туяктын чаңы буркурап, Тулпарым учат зыркырап (Токомбаев). 3. Тез өтүү (мис., мезгил, убакыт) Күндөр учту, балапандай шактадың, Класстардан класстарга аттадың (Токомбаев). Учат-учат аяңдабай, Өмүр деген дилгирем (Токомбаев). 4. Жыгылып түшүү, кулап түшүү, ыргып кетүү. Зоодон учкан ошол күнкү, Кара мерген эсимде (Токомбаев). Көк сүлөөсүн кундуз бөрк. Учуп түштү баштагы («Манас») 5. Алга карай умтулуу, тез илгерилөө Күндөп гүлдөп, алгалап, Темптер менен учабыз (Токомбаев). Ырлар керек жана да уча турган жылдызга (Рыскулов). 6. Эргүү, толкундануу. Кыялы учту. Көңүлү көккө учту. 7. өт. Өлүү. Күкүгүм учту элимден. Күлпөтүм кетти жеримден (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
несерьёзно, поверхностно, легко; слегка;
учкай чаап легко ударив (напр. не в грудь, не по голове, а по низу);
учкай-учкай тазала- чистить, отчищать по краям;
учкай-учкай кагып койду он отряхнул края (напр. встряхнул не всю вещь, а рукой похлопал по краям);
чепкенин жакасьшан учкай кармап, силкип-силкип жиберди взяв халат за край воротника, он несколько раз встряхнул;
үзөңгүнү учкай теминип опершись носком (не ступнёй) о стремя;
учкай сөз несколько слов (не подробно);
бул авторлор, учкай болсо да, спектаклди алкоого алып өтүштү эти авторы, хотя и мимоходом, (но) хвалили спектакль.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. садиться в забедры, на забедры (на верховое животное, на котором уже есть всадник);
сен мага учкаш садись ко мне в забедры;
учкашып-чиркешип келишти они прибыли кто на чём и кто как (одни верхом, другие на забедрах, третьи пешком);
2. перен. присоединяться к кому-л. в качестве соучастника (напр. в соавторстве, неприглашённым в гости с кем-л., кого пригласили и т.п.).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Мурда учкаш сөзү унаага (ат, өгүз, төө, эшек) минүүгө карата айтылса, азыр ал сөз транспортко (велосипед, мотоцикл) карата да айтыла тургап болду. Мына ушул учкаш сөзү учка+ш бөлүктөрүнөн турат. Мунун учка уңгусу – азыркы уча сөзүнүн бир варианты. Махмуд Кашгаринин «Диванында» азыркы учук (оозго чыккан учук) деген сөз учгук түрүндө айтылган. Дал ушул сыяктуу болуп уча сөзү да учка болуп, к тыбышы кошулуп айтылган варианты да байыркы кезде колдонулган болуу керек. Учкашкан киши ээрге минген кишинин артына, унаанын учасынын үстүнө отурат. Ушундан улам учкаш сөзү келип чыккан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от учкаш-
1. (о всаднике) посадить на забедры (позади себя);
азыраак жерге учкаштырыңыз провезите меня немного на забедрах;
2. (о верховом животном) позволять садиться на себя двоим;
атым учкаштырбайт, мөңкүп жыгат мой конь двоих не возит, будет взбрыкивать и сбросит;
3. перен. прихватить кого-л. с собой заодно;
бутун-бутуна учкаштырып (он сидит) закинув ногу за ногу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
способный быстро летать, быстролётный; прям. , перен. быстрокрылый;
сен кузгунсуң-кузгунсуң, жамы куштан учкулсуң фольк. ворон ты, ворон, всех птиц ты быстролётнее;
жаштын көңүлү учкул болот у молодого сердце пылкое;
учкул кыял безудержная фантазия;
учкул сөз крылатое слово, крылатое выражение.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: учкулук-тыңгылык занимательные новости, слухи, разговоры;
учкулук-тыңгылыктан эмне бар? что творится, что нового на белом свете? (выражение связано о легендой о птице, которая летает и всё знает, и о рыбе, которая может только подслушивать).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөз жеткен, бут жеткен жер аралыгы. Учкулук-тыңгылыктан эмне кеп бар? («Кыргыз эл жомоктору»). В.: Учкулук менен тыңгылык. Айылдын атанган ушакчысы Айшакан Жапар жөнүндө сөздү учкулук менен тыңгылыкка жайып чыкты («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. искра;
майдадан ири курулат, учкундан жалын тутанат погов. из мелкого крупное составляется, из искры пламя возгорается;
2. мелочь, отлетающая в сторону при провеивании зерна;
учкун алдында келди он прибыл первым, раньше всех;
учкун митинг уст. летучий митинг.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун [чарыктан] шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев).
2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. [Алексей Александрович] кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров).
3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. [Кырмандын] ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев).
4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Анын [Гүлайдын] көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Килбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).
Учкун алдында — эң мурда, а дегенде, биринчи болуп. Учкун алдында келүү. УЧКУР учкул менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун чарыктан шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев). 2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. Алексей Александрович кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров). 3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. Кырмандын ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев). 4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Гүлайдын көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Кулбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
А дегенде, тез эле, эң мурда, ириде, эң алды менен, биринчи болуп. Келери менен догун арта сүйлөгөн каркайган неме учкун алдында бөлүнүп чыкты (Ашымбаев). Эки колунан алып декилдеткен жолдоштору аны палатага учкун алдында чуркатып жетип келишти (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
А дегенде, тез эле, эң мурда, ириде, эң алды менен, биринчи болуп. Келери менен догун арта сүйлөгөн каркайган неме учкун алдында бөлүнүп чыкты (Ашымбаев). Эки колунан алып декилдеткен жолдоштору аны палатага учкун алдында чуркатып жетип келишти (Өмүрбаев).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАРДЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫ – юридикалык жактын катталган жерине жана жеке жактын туруктуу жашаган жерине же жарандыгына карабастан, юридикалык жана жарамдуу жеке жактар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЮШТУРУУ КЕЛИШИМИ – юридикалык жактын уюштуруу документтеринин бири. Анда уюштуруучулар юридикалык жакты түзүүгө милдеттенет, аны түзүү боюнча бирдиктүү иш-аракеттердин тартиби, ага өз мүлкүн өткөрүп берүү жана анын ишине катышуу шарттары аныкталат. Келишим аркылуу ошондой эле анын катышуучуларынын ортосунда кирешелер менен чыгымдарды бөлүштүрүү, юридикалык жактын ишин башкаруу, уюштуруучулардын (катышуучулардын) анын курамынан чыгуу шарттары менен тартиби да аныкталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Трастты уюштуруучу (трастор) (Settlor (trustor)) —Трастты уюштуруучу (трастор) – бул, ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп берилген мүлктүн ээси; ага ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган (мамлекеттин менчигинде турган мүлк боюнча); чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана (менчик ээсинин уруксаты менен)

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕКЕМЕ – менчик ээси тарабынан башкаруу, социалдык-маданий же дагы башка коммерциялык эмес мүнөздөгү иш-милдеттерди жүргүзүү үчүн түзүлүп, алар тарабынан толук же жарым-жартылай каржылануучу мамлекеттик ж. б. уюмдар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от учта-
заканчиваться остриём, острым концом;
булуң-булуң бурчтанган, мунарыктап учтанган фольк. (горы) во впадинах и углах чуть вырисовываются в мареве своими пиками.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: чач учтук
1) этн. металлические украшения на конце женской косы (иногда - связка ключей);
чач учтук ордуна байланган ачкычтары шылдырт этти ключи, привязанные вместо косоплётки, (при движении) звякнули;
2) тяньш. то же, что чолпу I;
уук учтук этн. ковровые мешочки с кистями, надеваемые на концы связанных унин, навьючиваемые при перекочёвке.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: чач учтук — аялдар чачынын учун бекитүү үчүн, атайын кездемеден сызылып же жиптен чалып жасалган ичкерээк кооздук жасалгасы; чачка тагуу үчүн атайын күмүштөн (күмүш тыйындардан) ар түрдүү формада кооздолуп иштелген жасалга. Чоң эне чач учтугу менен чачынын учун бекитип, ордунан турду (Сыдыкбеков). Келиндердин чач учтуктары, иймек, билериктери шарактайт (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аялдар чачынын учун бекитүү үчүн, атайын кездемеден сызылып же жиптен чалып жасалган ичкерээк кооздук жасалгасы, чачка тагуу үчүн атайын күмүштөн (күмүш тыйындардан) ар түрдүү формада кооздолуп иштелген жасалга. Чоң эне чач учтугу менен чачынын учун бекитип, ордунан турду (Сыдыкбеков). Келиндердин чач учтуктары, иймек, билериктери шарактайт (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч зыян тартпоо, чыгым болбоо, эч кебелбөө, эч нерсесине залал тийбөө. Жаалдуу каңкор ажыга жагалданган бий, болуштардын учугу коробойт, уйпаланган, мүңкүрөгөн журттун башына түшкөн мүшкүл иш (Бейшеналиев). В.: Учук жиби коробоо. Муратка ким кайгырсын, байдын ага учук жиби короп жатабы (Баялинов). Сенин ага учук жибиң короп жатабы? («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ишиң оңолсун, өркөнүң өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат. - А, ыракмат! Учуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов). Ыраазымын Васил тамыр. Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ишиң оңолсун, өркөнүн өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат. – А, ыракмат! Учуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов). Ыраазымын Васил тамыр. Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев). В.: Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! – деп кемпир баланы алкай баштады («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
учук I
1. пузырьки на губах (напр. при лихорадке);
эрдиме учук чыкты у меня на губе пузырьки появились; мне губы обметало;
кайры учук сев. название нарыва (который в народной медицине лечат прижиганием);
2. (точнее кургак учук) туберкулёз лёгких, чахотка;
учук оорулардын санаторийи санаторий для туберкулёзных;
кургак учук диспансери туберкулёзный диспансер;
ак учук южн. название болезни.
учук II
1. конец нитки (отрезок, продеваемый в иглу);
бир учук жип один конец нитки;
силердин учугуңар узарбайт! а чем вы будете лучше (других) ! (букв. ваш конец нитки не удлинится!);
эртеңги учук кечке жетпе, кечки учук эртеңге жетпе утреннего отрезка (нитки) до вечера не хвати, вечернего отрезка до утра не хвати (заклинание при көчөт, см. көчөт 3);
2. подарок от мужчины женщине, незаметно приколовшей к его одежде кусок нитки;
ак учук (в эпосе) сорт дорогой материи.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Адам баласынын (көбүнчө сасык тумоолоп, суук тийип, башы ооруп калган учурда) эрдине, жамажайына мөлтүрөп чыгуучу чыбырчык ыйлаакчалар.
2. Өпкө оорусу, өпкөгө суук тийүүдөн (сезгенүүдөн) пайда болуучу оору, туберкулез. Учук деген жаман дарт болот тура (Сыдыкбеков). Учук ооруларынын санаторийи.
УЧУК II зат. 1. Ийнеге сапталган жип. Колу чебер аялдын Учугу түшпөйт ийнеден (Барпы).
2. Көбүнчө иш кылып жаткан аялдар эркектердин кийимине жип сайып илип койгондо ошол эркек тарабынан берилүүчү белек.
Ак учук — эпостордо: баалуу кездеменин бир түрү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адам баласынын (көбүнчө сасык тумоолоп, суук тийип, башы ооруп калган учурда) эрдине, жамажайына мөлтүрөп чыгуучу чыбырчык ыйлаакчалар. 2. Өпкө оорусу, өпкөгө суук тийүүдөн (сезгенүүдөн) пайда болуучу оору, туберкулез. Учук деген жаман дарт болот тура (Сыдыкбеков). Учук ооруларынын санаторийи.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Суук тийип, чыйрыгып, сасык тумоолоп калган адамды айыктыруу максатында кычкачты же башка темирди отко салып кызартып, андан кийин чөйчөккө же чыныга куюлгаң сууну улам-улам ууртап алып, аны ысытылган темир аркылуу адамга бүркүү. Үнүң дагы киркиреп калыптыр. Учуктайынбы? (Аалы).
УЧУКТА II этиш. Ийнеге жип саптоо, ийненин көзүнө жип өткөзүү; жипти өзүнчө учук-учук кылып коюу. [Зарыл] төрт чарчы актын четин,.. жибек жип учуктаган ийнеси менен тез-тез саят (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
учукта- I
1. этн. лечить больного паром (брызгая воду на раскалённое железо, обычно на щипцы или серп);
2. перен. припугнуть, постращать;
3. редко узнавать путём расспросов.
учукта- II
вдевать нитку (в иголку);
жибек жип учуктаган ийне иголка со вдетой шёлковой ниткой;
өзү ийне учуктайт бекен? а шить она умеет?, а она рукодельница? (букв. вдевает ли она сама нитку в иголку?).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Суук тийип, чыйрыгып, сасык тумоолоп калган адамды айыктыруу максатында кычкачты же башка темирди отко салып кызартып, андан кийин чөйчөккө же чыныга куюлган сууну улам-улам ууртап алып, аны ысытылган темир аркылуу адамга бүркүү. Үнүң дагы киркиреп калыптыр. Учуктайынбы? (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. желинде- 2)
(об однокопытных животных) заболеть болезнью, при которой появляется опухоль мошонки;
айгыр учунса, ат болот, ат учунса, эт болот погов. жеребец заболеет - станет мерином, мерин заболеет - станет мясом (пойдёт на мясо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аягына чыгуу, жок кылуу, түгөтүү, сарп кылуу. Баягы атасынан калган мал-мүлктүн учуна чыкты («Ала-Тоо»). 2. Бүтүү, аяктоо. Кептин учуна чыкпады. Ал баягы айткандарынын учуна чыккан жок. Сары убайымдын учуна чыга албай келе жатат .

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылуу, түгөтүү, сарп кылуу. Баягы атасынан калган мал-мүлктүн учуна чыкты («Ала-Тоо»). 2. Бүтүү, аяктоо. Кептин учуна чыкпады. Ал баягы айткандарынын учуна чыккан жок. Сары убайымдын учуна чыга албай келе жатат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
учур I
время, момент; случай;
мындай учурларда в таких случаях;
азыркы учур текущий момент;
азыркы учурда в настоящий момент;
курч учур острый момент;
учурунда своевременно, в своё время; в тот момент;
...кол коюу учурунда болушту при подписании присутствовали...;
учур болбоду не довелось, не пришлось (встретить, встретиться);
учуру келип калыптыр подошёл момент, подвернулся случай;
базар- учур южн. базары (и всё связанное с посещением их);
эшик алдындагы төрт-беш жандыктан башка эмне көрөм? базар-учур дегенди билбейбиз а что я вижу, кроме пяти-шести голов скота, что у двери? базаров (где можно много услышать, увидеть) мы не знаем.
учур- II
понуд. от уч- III
1. заставить лететь; упустить или вспугнуть (что-л. летающее); запустить (напр. ракету);
учуруп ат- стрелять влёт (вспугнув, подняв на крыло, а не просто летящую);
космоско ракеталарды учурдук мы запустили ракеты в космос;
2. допустить, чтобы свалилось (что-л. живое) со скалы, с горы, с высокого обрыва;
аттарын учуруп жатышпаса хорошо ещё, если их кони не свалятся;
окко учур- допустить, чтобы застрелили;
аттан учуруп түшүр- сорвать (свалить) с коня;
жаштыктын зери учурду молодость обуяла;
жаштыктын зери учуруп, ошол кызды Чынтемир бир көрсөм деп, ой кылат фольк. его молодость обуяла, и задумал Чынтемир ту девушку увидеть;
калп учур- врать;
үрөйүн учур- см. үрөй I;
беш өрдөк учур- см. өрдөк.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Убакыт, кырдаал, кез. Көп учурларымды жумушчулардын арасында өткөрөм (Жантөшев). Ал учурда почто аттарын бекеттин башчылары өздөрү айдашчу (Сасыкбаев).
2. Белгилүү бир мезгил, убакыт аралыгы, маал. Күзгө таянып калган учур. Түшкү дем алыш учуру. Койдун туут учуру.
Учур чакграм. кыймыл-аракеттин болуп жаткан учурун көрсөтүүчү этиштин чагы.
УЧУР II 1. уч этишинин аркылуу мамилеси.
2. өт. Чоңойтуп, өстүрүп бөлүп чыгаруу. Айымжан уядан кыз учурду (Сыдыкбеков).
3. Жалган сөздөрдү жайылтып таратуу, апыртуу. Ушакчы жел ушагын учуруп жүрө берет (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү. Учурадым айылдаш бир курбума (Нуркамал). Жолдон Жумадыл агайга учурайбыз (Үмөталиев).
2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж. б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу. Чабандар алдында айдап жүргөн малы менен бирге жутка учурап да калат («Советтик Кыргызстан»). Эгиндин орум-жыйымы башталып калган кезде кырсыкка учурабасаңар экен (Абдукаримов).
3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү. Бригадирдин өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев). Шакшандан өөн учурап мындай туруш, «Узатып коёюн» деп кылдым сунуш (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. встретиться, натолкнуться;
безбелдек көп учурайт стрепеты встречаются часто;
2. представиться, показаться чем-л., каким-л.;
жылуу учура- казаться приятным, близким, знакомым;
өңү эле жылуу учурайт, бул аялды кайдан көрдүм эле? где я видел эту женщину? лицо её (мне) как-будто знакомо;
өңү суук учурады его лицо показалось неприятным, противным;
алардын күлүмсүрөгөн көздөрү бизге жылуу учурады их улыбающиеся глаза нам были приятны;
түсү жыландай учурады он казался (противным), как змея;
жутка учура- пострадать от джута (см. жут I);
үзгүлтүккө учура- оказаться в прорыве (напр. о плане работ);
зыянга учура- получить повреждение; понести ущерб.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү. Учурадым айылдаш бир курбума (Нуркамал). Жолдон Жумадыл агайга учурайбыз (Үмөталиев). 2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж. б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу. Чабандар алдында айдап жүргөн малы менен, бирге жутка учурап да калат («Советтик Кыргызстан»). Эгиндин орум-жыйымы башталып калган кезде кырсыкка учурабасаңар экен (Абдукаримов). 3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү. Бригадирдин өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев). Шашкандан өөн учурап мындай туруш, «Узатып коёюн» деп кылдым сунуш (Үмөталиев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз учур+а бөлүктөрүнөн турат. Анын учур уңгусу утуру деген сөздүн аяккы у тыбышы түшүп, утур түрүнө келишинен т тыбышы ч тыбышына алмашуудан келип чыккан: утуру>утур>учур. Ага атооч жасоочу -а мүчөсү уланып, учура сөзү жаралган. Учура сөзү алгач «утурлап алдынан чыгуу» маанисин берген. Кийин ал «жолук, кезик» деген маани берип калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от учура-
1. встретиться, повстречаться;
2. поздороваться;
тааныш кишиден бетер учурашты он поздоровался со знакомым;
учурашкыча! до свидания!;
учурашпай калды он перестал раскланиваться; он прекратил знакомство;
3. (об акынах) приветствовать друг друга импровизациями;
учурашып ырдачы, уяңдыктан пайда жок фольк. спой приветствие, от стеснительности (от того, что будешь стесняться) пользы нет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЧУРДАГЫ ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемин ырасмий эмес чечмелөөнүн түрү; күндөлүк иш тажрыйбада укук колдонуучу орган (сот, мамлекеттик башкаруу органы ж. б.) тарабынан берилүүчү түшүндүрүүнү билдирет. Дайындуу учур үчүн гана маанилүү болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЧУРДАГЫ ЭСЕП – 1) банк эсептеринин бир түрү; акча каражаттарын сактоо жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылат. У. э. бюджеттик уюмдарга бюджеттен тышкаркы эсептерди жүргүзүү жана эсепке алуу, коммерциялык уюмдардын бөлүмдөрүнө, юридикалык жактардын филиалдарына алардын жайгашкан жерлеринен сырткары, ошондой эле аргандай коммерциялык эмес уюмдарга ачылып берилет. У. э. боюнча жүргүзүлүүчү аткарымдарга карата пайыздарды төлөө жана банк комиссияларынын өлчөмдөрү төлөө эсептерди ачуу жана жүргүзүү келишимдеринде аныкталат; 2) жеке адамдар үчүн банктарда ачылган эсептер. У. э-тин ээси (аманатчы) У. э-тин шарттарына ылайык андагы каражаттарды ала жана үстүнө кошо алат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Убакыт, кырдаал, кез. Көп учурларымды жумушчулардын арасында өткөрөм (Жантөшев). Ал учурда почто аттарын бекеттин башчылары өздөрү айдашчу (Сасыкбаев). 2. Белгилүү бир мезгил, убакыт аралыгы, маал. Күзгө таяп калган учур. Түшкү дем алыш учуру. Койдун туут учуру.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. уч этишинин аркылуу мамилеси. 2. өт. Чоңойтуп, өстүрүп бөлүп чыгаруу. Айымжан уядан кыз учурду (Сыдыкбеков). 3. Жалган сөздөрдү жайылтып таратуу, апыртуу. Ушакчы жел ушагын учуруп жүрө берет (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от учур- II
1. пустить по ветру, развеять;
сени куюнга айтып, жүнүңдү учуртайын (из сказки) я скажу о тебе смерчу, чтобы он развеял твою шерсть (шерсть, которую ты треплешь);
2. перен. утрировать, преувеличивать;
учуртуп айт- преувеличить, из мухи слона сделать, приврать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
содержащий в себе небылицы, преувеличения;
учуртмалуу ушак раздутая сплетня, невероятная клевета;
учуртмалуу ушакчы сплетник, раздувающий сплетни или клеветник, распространяющий клевету;
чымынды төө кылып көрсөтүүчү учуртмалуу ушакчылар сплетники (или клеветники), которые раздувают (сплетни), делая из мухи верблюда.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от учур- II;
космостук көп ракета учурулду запущено много космических ракет;
уккан сөз учурулуп кетет, көргөндөрүңдөн айта отур то, что слышишь, бывает преувеличенным, рассказывай то, что видел.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от уч- III
летание, полёт;
түнкү учуу ав. ночной полёт;
учууга канат, конууга куйрук таап алды он нашёл надёжную опору в ком-чём-л. (букв. он обрёл крылья, чтобы летать, хвост, чтобы садиться).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жөлөк болуу, бел болуу (көбүнчө жардамдаша турган, колдой турган өтө ишенчиликтүү адамга карата). Учууга канат, конууга куйрук таап алды. Айылчы бул жетимдерге учууга канат, конууга куйрук болду (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөлөк болуу, бел болуу (көбүнчө жардамдаша турган, колдой турган өтө ишенчиликтүү адамга карата). Учууга канат, конууга куйрук таап алды. Айылчы бул жетимдерге учууга канат, конууга куйрук болду (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иши илгерилөө, жыргалчылык, ыракат менен күн көргөн абалга жетүү, этек-жеңи жайылуу, укум-тукуму өсүү, көбөйүү. Тоголок Молдом, бир башың онго көбөйүп, учуң узарды (Бейшеналиев). - Кызым, ата-энени сыйлаган уул менен кыздын учу узарат (Жапаров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши илгерилөө, жакшылыкка жетүү, укум-тукуму көбөйүү. Учуң узарсын, кагылайын! Эмгек учуңду узартып, уругуңду көбөйтөт! (Жантөшев). Тоголок Молдом, бир башың онго көбөйүп, учуң узарды (Бейшеналиев). – Кызым, ата-энени сыйлаган уул менен кыздын учу узарат (Жапаров). В.: Учугу узаруу. Өз айланасына өнөрлүү жаштардан өнөктөрдүн курамасын уюштурганына Тоголок Молдо курсант. Учугу узарат деген ушул эмеспи (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что, разг.
1. сезүү, жытын алуу;
собака учуяла дичь ит илбээсиндин жытын сезип калды;
2. перен. билип калуу, сезип калуу, шыбышын алуу;
учуять опасность коркунучту сезип калуу.