Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч зыян тартпоо, чыгым болбоо, эч кебелбөө, эч нерсесине залал тийбөө. Жаалдуу каңкор ажыга жагалданган бий, болуштардын учугу коробойт, уйпаланган, мүңкүрөгөн журттун башына түшкөн мүшкүл иш (Бейшеналиев). В.: Учук жиби коробоо. Муратка ким кайгырсын, байдын ага учук жиби короп жатабы (Баялинов). Сенин ага учук жибиң короп жатабы? («Ала-Тоо»).