учук; өзөндөргө чыгуучу балыктарды кармоо үчүн жасалган тосмо.
Эч зыян тартпоо, чыгым болбоо, эч кебелбөө, эч нерсесине залал тийбөө. Жаалдуу каңкор ажыга жагалданган бий, болуштардын учугу коробойт, уйпаланган, мүңкүрөгөн журттун башына түшкөн мүшкүл иш (Бейшеналиев).
Эч зыян тартпоо, чыгым болбоо, эч кебелбөө, эч нерсесине залал тийбөө. Жаалдуу каңкор ажыга жагалданган бий, болуштардын учугу коробойт, уйпаланган, мүңкүрөгөн журттун башына түшкөн мүшкүл иш (Бейшеналиев). В.: Учук жиби коробоо. Муратка ким кайгырсын, байдын ага учук жиби короп жатабы (Баялинов). Сенин ага учук жибиң короп жатабы? («Ала-Тоо»).
Сөзүн, ишин ж. б. ары карай улантып кетүү. Сурооңуздун учугун өзүм улай кетейин. Акынга акын катары аны эскерүүм ыр менен болсун.
Сөзүн, ишин ж.б. ары карай улантып кетүү. Сурооңуздун учугун өзүм улай кетейин. Акынга акын катары аны эскерүүм ыр менен болсун («Советтик Кыргызстан»).
Ишиң оңолсун, өркөнүң өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат. - А, ыракмат! Учуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов). Ыраазымын Васил тамыр. Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев).
Ишиң оңолсун, өркөнүн өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат. – А, ыракмат! Учуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов). Ыраазымын Васил тамыр. Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев). В.: Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! – деп кемпир баланы алкай баштады («Ала-Тоо»).
к.
УЧУ УЗАРУУ
Өз айланасына өнөрлүү жаштардан өнөктөрдүн курамасын уюштурганына Тоголок Молдо курсант. Учугу узарат деген ушул эмеспи (Бейшеналиев).