УЧУГУҢ УЗАРСЫН!
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ишиң оңолсун, өркөнүн өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат. – А, ыракмат! Учуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов). Ыраазымын Васил тамыр. Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев). В.: Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! – деп кемпир баланы алкай баштады («Ала-Тоо»).