Киргизско-русский словарь Юдахина
учук I
1. пузырьки на губах (напр. при лихорадке);
эрдиме учук чыкты у меня на губе пузырьки появились; мне губы обметало;
кайры учук сев. название нарыва (который в народной медицине лечат прижиганием);
2. (точнее кургак учук) туберкулёз лёгких, чахотка;
учук оорулардын санаторийи санаторий для туберкулёзных;
кургак учук диспансери туберкулёзный диспансер;
ак учук южн. название болезни.
учук II
1. конец нитки (отрезок, продеваемый в иглу);
бир учук жип один конец нитки;
силердин учугуңар узарбайт! а чем вы будете лучше (других) ! (букв. ваш конец нитки не удлинится!);
эртеңги учук кечке жетпе, кечки учук эртеңге жетпе утреннего отрезка (нитки) до вечера не хвати, вечернего отрезка до утра не хвати (заклинание при көчөт, см. көчөт 3);
2. подарок от мужчины женщине, незаметно приколовшей к его одежде кусок нитки;
ак учук (в эпосе) сорт дорогой материи.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Адам баласынын (көбүнчө сасык тумоолоп, суук тийип, башы ооруп калган учурда) эрдине, жамажайына мөлтүрөп чыгуучу чыбырчык ыйлаакчалар.
2. Өпкө оорусу, өпкөгө суук тийүүдөн (сезгенүүдөн) пайда болуучу оору, туберкулез. Учук деген жаман дарт болот тура (Сыдыкбеков). Учук ооруларынын санаторийи.
УЧУК II зат. 1. Ийнеге сапталган жип. Колу чебер аялдын Учугу түшпөйт ийнеден (Барпы).
2. Көбүнчө иш кылып жаткан аялдар эркектердин кийимине жип сайып илип койгондо ошол эркек тарабынан берилүүчү белек.
Ак учук — эпостордо: баалуу кездеменин бир түрү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адам баласынын (көбүнчө сасык тумоолоп, суук тийип, башы ооруп калган учурда) эрдине, жамажайына мөлтүрөп чыгуучу чыбырчык ыйлаакчалар. 2. Өпкө оорусу, өпкөгө суук тийүүдөн (сезгенүүдөн) пайда болуучу оору, туберкулез. Учук деген жаман дарт болот тура (Сыдыкбеков). Учук ооруларынын санаторийи.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Суук тийип, чыйрыгып, сасык тумоолоп калган адамды айыктыруу максатында кычкачты же башка темирди отко салып кызартып, андан кийин чөйчөккө же чыныга куюлгаң сууну улам-улам ууртап алып, аны ысытылган темир аркылуу адамга бүркүү. Үнүң дагы киркиреп калыптыр. Учуктайынбы? (Аалы).
УЧУКТА II этиш. Ийнеге жип саптоо, ийненин көзүнө жип өткөзүү; жипти өзүнчө учук-учук кылып коюу. [Зарыл] төрт чарчы актын четин,.. жибек жип учуктаган ийнеси менен тез-тез саят (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
учукта- I
1. этн. лечить больного паром (брызгая воду на раскалённое железо, обычно на щипцы или серп);
2. перен. припугнуть, постращать;
3. редко узнавать путём расспросов.
учукта- II
вдевать нитку (в иголку);
жибек жип учуктаган ийне иголка со вдетой шёлковой ниткой;
өзү ийне учуктайт бекен? а шить она умеет?, а она рукодельница? (букв. вдевает ли она сама нитку в иголку?).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Суук тийип, чыйрыгып, сасык тумоолоп калган адамды айыктыруу максатында кычкачты же башка темирди отко салып кызартып, андан кийин чөйчөккө же чыныга куюлган сууну улам-улам ууртап алып, аны ысытылган темир аркылуу адамга бүркүү. Үнүң дагы киркиреп калыптыр. Учуктайынбы? (Токомбаев).