учукта
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I этиш. Суук тийип, чыйрыгып, сасык тумоолоп калган адамды айыктыруу максатында кычкачты же башка темирди отко салып кызартып, андан кийин чөйчөккө же чыныга куюлгаң сууну улам-улам ууртап алып, аны ысытылган темир аркылуу адамга бүркүү. Үнүң дагы киркиреп калыптыр. Учуктайынбы? (Аалы).
УЧУКТА II этиш. Ийнеге жип саптоо, ийненин көзүнө жип өткөзүү; жипти өзүнчө учук-учук кылып коюу. [Зарыл] төрт чарчы актын четин,.. жибек жип учуктаган ийнеси менен тез-тез саят (Сыдыкбеков).
УЧУКТА II этиш. Ийнеге жип саптоо, ийненин көзүнө жип өткөзүү; жипти өзүнчө учук-учук кылып коюу. [Зарыл] төрт чарчы актын четин,.. жибек жип учуктаган ийнеси менен тез-тез саят (Сыдыкбеков).