УЧКАШ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаМурда учкаш сөзү унаага (ат, өгүз, төө, эшек) минүүгө карата айтылса, азыр ал сөз транспортко (велосипед, мотоцикл) карата да айтыла тургап болду. Мына ушул учкаш сөзү учка+ш бөлүктөрүнөн турат. Мунун учка уңгусу – азыркы уча сөзүнүн бир варианты. Махмуд Кашгаринин «Диванында» азыркы учук (оозго чыккан учук) деген сөз учгук түрүндө айтылган. Дал ушул сыяктуу болуп уча сөзү да учка болуп, к тыбышы кошулуп айтылган варианты да байыркы кезде колдонулган болуу керек. Учкашкан киши ээрге минген кишинин артына, унаанын учасынын үстүнө отурат. Ушундан улам учкаш сөзү келип чыккан.