Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү. Учурадым айылдаш бир курбума (Нуркамал). Жолдон Жумадыл агайга учурайбыз (Үмөталиев).
2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж. б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу. Чабандар алдында айдап жүргөн малы менен бирге жутка учурап да калат («Советтик Кыргызстан»). Эгиндин орум-жыйымы башталып калган кезде кырсыкка учурабасаңар экен (Абдукаримов).
3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү. Бригадирдин өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев). Шакшандан өөн учурап мындай туруш, «Узатып коёюн» деп кылдым сунуш (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. встретиться, натолкнуться;
безбелдек көп учурайт стрепеты встречаются часто;
2. представиться, показаться чем-л., каким-л.;
жылуу учура- казаться приятным, близким, знакомым;
өңү эле жылуу учурайт, бул аялды кайдан көрдүм эле? где я видел эту женщину? лицо её (мне) как-будто знакомо;
өңү суук учурады его лицо показалось неприятным, противным;
алардын күлүмсүрөгөн көздөрү бизге жылуу учурады их улыбающиеся глаза нам были приятны;
түсү жыландай учурады он казался (противным), как змея;
жутка учура- пострадать от джута (см. жут I);
үзгүлтүккө учура- оказаться в прорыве (напр. о плане работ);
зыянга учура- получить повреждение; понести ущерб.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү. Учурадым айылдаш бир курбума (Нуркамал). Жолдон Жумадыл агайга учурайбыз (Үмөталиев). 2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж. б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу. Чабандар алдында айдап жүргөн малы менен, бирге жутка учурап да калат («Советтик Кыргызстан»). Эгиндин орум-жыйымы башталып калган кезде кырсыкка учурабасаңар экен (Абдукаримов). 3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү. Бригадирдин өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев). Шашкандан өөн учурап мындай туруш, «Узатып коёюн» деп кылдым сунуш (Үмөталиев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз учур+а бөлүктөрүнөн турат. Анын учур уңгусу утуру деген сөздүн аяккы у тыбышы түшүп, утур түрүнө келишинен т тыбышы ч тыбышына алмашуудан келип чыккан: утуру>утур>учур. Ага атооч жасоочу -а мүчөсү уланып, учура сөзү жаралган. Учура сөзү алгач «утурлап алдынан чыгуу» маанисин берген. Кийин ал «жолук, кезик» деген маани берип калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от учура-
1. встретиться, повстречаться;
2. поздороваться;
тааныш кишиден бетер учурашты он поздоровался со знакомым;
учурашкыча! до свидания!;
учурашпай калды он перестал раскланиваться; он прекратил знакомство;
3. (об акынах) приветствовать друг друга импровизациями;
учурашып ырдачы, уяңдыктан пайда жок фольк. спой приветствие, от стеснительности (от того, что будешь стесняться) пользы нет.