Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү. Учурадым айылдаш бир курбума (Нуркамал). Жолдон Жумадыл агайга учурайбыз (Үмөталиев).
2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж. б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу. Чабандар алдында айдап жүргөн малы менен бирге жутка учурап да калат («Советтик Кыргызстан»). Эгиндин орум-жыйымы башталып калган кезде кырсыкка учурабасаңар экен (Абдукаримов).
3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү. Бригадирдин өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев). Шакшандан өөн учурап мындай туруш, «Узатып коёюн» деп кылдым сунуш (Үмөталиев).