УЧУРА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз учур+а бөлүктөрүнөн турат. Анын учур уңгусу утуру деген сөздүн аяккы у тыбышы түшүп, утур түрүнө келишинен т тыбышы ч тыбышына алмашуудан келип чыккан: утуру>утур>учур. Ага атооч жасоочу -а мүчөсү уланып, учура сөзү жаралган. Учура сөзү алгач «утурлап алдынан чыгуу» маанисин берген. Кийин ал «жолук, кезик» деген маани берип калган.