УЧУУГА КАНАТ, КОНУУГА КУЙРУК БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жөлөк болуу, бел болуу (көбүнчө жардамдаша турган, колдой турган өтө ишенчиликтүү адамга карата). Учууга канат, конууга куйрук таап алды. Айылчы бул жетимдерге учууга канат, конууга куйрук болду (Бейшеналиев).