Киргизско-русский словарь Юдахина
учур I
время, момент; случай;
мындай учурларда в таких случаях;
азыркы учур текущий момент;
азыркы учурда в настоящий момент;
курч учур острый момент;
учурунда своевременно, в своё время; в тот момент;
...кол коюу учурунда болушту при подписании присутствовали...;
учур болбоду не довелось, не пришлось (встретить, встретиться);
учуру келип калыптыр подошёл момент, подвернулся случай;
базар- учур южн. базары (и всё связанное с посещением их);
эшик алдындагы төрт-беш жандыктан башка эмне көрөм? базар-учур дегенди билбейбиз а что я вижу, кроме пяти-шести голов скота, что у двери? базаров (где можно много услышать, увидеть) мы не знаем.
учур- II
понуд. от уч- III
1. заставить лететь; упустить или вспугнуть (что-л. летающее); запустить (напр. ракету);
учуруп ат- стрелять влёт (вспугнув, подняв на крыло, а не просто летящую);
космоско ракеталарды учурдук мы запустили ракеты в космос;
2. допустить, чтобы свалилось (что-л. живое) со скалы, с горы, с высокого обрыва;
аттарын учуруп жатышпаса хорошо ещё, если их кони не свалятся;
окко учур- допустить, чтобы застрелили;
аттан учуруп түшүр- сорвать (свалить) с коня;
жаштыктын зери учурду молодость обуяла;
жаштыктын зери учуруп, ошол кызды Чынтемир бир көрсөм деп, ой кылат фольк. его молодость обуяла, и задумал Чынтемир ту девушку увидеть;
калп учур- врать;
үрөйүн учур- см. үрөй I;
беш өрдөк учур- см. өрдөк.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Убакыт, кырдаал, кез. Көп учурларымды жумушчулардын арасында өткөрөм (Жантөшев). Ал учурда почто аттарын бекеттин башчылары өздөрү айдашчу (Сасыкбаев).
2. Белгилүү бир мезгил, убакыт аралыгы, маал. Күзгө таянып калган учур. Түшкү дем алыш учуру. Койдун туут учуру.
Учур чакграм. кыймыл-аракеттин болуп жаткан учурун көрсөтүүчү этиштин чагы.
УЧУР II 1. уч этишинин аркылуу мамилеси.
2. өт. Чоңойтуп, өстүрүп бөлүп чыгаруу. Айымжан уядан кыз учурду (Сыдыкбеков).
3. Жалган сөздөрдү жайылтып таратуу, апыртуу. Ушакчы жел ушагын учуруп жүрө берет (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү. Учурадым айылдаш бир курбума (Нуркамал). Жолдон Жумадыл агайга учурайбыз (Үмөталиев).
2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж. б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу. Чабандар алдында айдап жүргөн малы менен бирге жутка учурап да калат («Советтик Кыргызстан»). Эгиндин орум-жыйымы башталып калган кезде кырсыкка учурабасаңар экен (Абдукаримов).
3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү. Бригадирдин өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев). Шакшандан өөн учурап мындай туруш, «Узатып коёюн» деп кылдым сунуш (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. встретиться, натолкнуться;
безбелдек көп учурайт стрепеты встречаются часто;
2. представиться, показаться чем-л., каким-л.;
жылуу учура- казаться приятным, близким, знакомым;
өңү эле жылуу учурайт, бул аялды кайдан көрдүм эле? где я видел эту женщину? лицо её (мне) как-будто знакомо;
өңү суук учурады его лицо показалось неприятным, противным;
алардын күлүмсүрөгөн көздөрү бизге жылуу учурады их улыбающиеся глаза нам были приятны;
түсү жыландай учурады он казался (противным), как змея;
жутка учура- пострадать от джута (см. жут I);
үзгүлтүккө учура- оказаться в прорыве (напр. о плане работ);
зыянга учура- получить повреждение; понести ущерб.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү. Учурадым айылдаш бир курбума (Нуркамал). Жолдон Жумадыл агайга учурайбыз (Үмөталиев). 2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж. б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу. Чабандар алдында айдап жүргөн малы менен, бирге жутка учурап да калат («Советтик Кыргызстан»). Эгиндин орум-жыйымы башталып калган кезде кырсыкка учурабасаңар экен (Абдукаримов). 3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү. Бригадирдин өңү эмнегедир жылуу учурады (Сасыкбаев). Шашкандан өөн учурап мындай туруш, «Узатып коёюн» деп кылдым сунуш (Үмөталиев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз учур+а бөлүктөрүнөн турат. Анын учур уңгусу утуру деген сөздүн аяккы у тыбышы түшүп, утур түрүнө келишинен т тыбышы ч тыбышына алмашуудан келип чыккан: утуру>утур>учур. Ага атооч жасоочу -а мүчөсү уланып, учура сөзү жаралган. Учура сөзү алгач «утурлап алдынан чыгуу» маанисин берген. Кийин ал «жолук, кезик» деген маани берип калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от учура-
1. встретиться, повстречаться;
2. поздороваться;
тааныш кишиден бетер учурашты он поздоровался со знакомым;
учурашкыча! до свидания!;
учурашпай калды он перестал раскланиваться; он прекратил знакомство;
3. (об акынах) приветствовать друг друга импровизациями;
учурашып ырдачы, уяңдыктан пайда жок фольк. спой приветствие, от стеснительности (от того, что будешь стесняться) пользы нет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЧУРДАГЫ ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемин ырасмий эмес чечмелөөнүн түрү; күндөлүк иш тажрыйбада укук колдонуучу орган (сот, мамлекеттик башкаруу органы ж. б.) тарабынан берилүүчү түшүндүрүүнү билдирет. Дайындуу учур үчүн гана маанилүү болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЧУРДАГЫ ЭСЕП – 1) банк эсептеринин бир түрү; акча каражаттарын сактоо жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылат. У. э. бюджеттик уюмдарга бюджеттен тышкаркы эсептерди жүргүзүү жана эсепке алуу, коммерциялык уюмдардын бөлүмдөрүнө, юридикалык жактардын филиалдарына алардын жайгашкан жерлеринен сырткары, ошондой эле аргандай коммерциялык эмес уюмдарга ачылып берилет. У. э. боюнча жүргүзүлүүчү аткарымдарга карата пайыздарды төлөө жана банк комиссияларынын өлчөмдөрү төлөө эсептерди ачуу жана жүргүзүү келишимдеринде аныкталат; 2) жеке адамдар үчүн банктарда ачылган эсептер. У. э-тин ээси (аманатчы) У. э-тин шарттарына ылайык андагы каражаттарды ала жана үстүнө кошо алат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Убакыт, кырдаал, кез. Көп учурларымды жумушчулардын арасында өткөрөм (Жантөшев). Ал учурда почто аттарын бекеттин башчылары өздөрү айдашчу (Сасыкбаев). 2. Белгилүү бир мезгил, убакыт аралыгы, маал. Күзгө таяп калган учур. Түшкү дем алыш учуру. Койдун туут учуру.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. уч этишинин аркылуу мамилеси. 2. өт. Чоңойтуп, өстүрүп бөлүп чыгаруу. Айымжан уядан кыз учурду (Сыдыкбеков). 3. Жалган сөздөрдү жайылтып таратуу, апыртуу. Ушакчы жел ушагын учуруп жүрө берет (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от учур- II
1. пустить по ветру, развеять;
сени куюнга айтып, жүнүңдү учуртайын (из сказки) я скажу о тебе смерчу, чтобы он развеял твою шерсть (шерсть, которую ты треплешь);
2. перен. утрировать, преувеличивать;
учуртуп айт- преувеличить, из мухи слона сделать, приврать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
содержащий в себе небылицы, преувеличения;
учуртмалуу ушак раздутая сплетня, невероятная клевета;
учуртмалуу ушакчы сплетник, раздувающий сплетни или клеветник, распространяющий клевету;
чымынды төө кылып көрсөтүүчү учуртмалуу ушакчылар сплетники (или клеветники), которые раздувают (сплетни), делая из мухи верблюда.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от учур- II;
космостук көп ракета учурулду запущено много космических ракет;
уккан сөз учурулуп кетет, көргөндөрүңдөн айта отур то, что слышишь, бывает преувеличенным, рассказывай то, что видел.