Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Убакыт, кырдаал, кез. Көп учурларымды жумушчулардын арасында өткөрөм (Жантөшев). Ал учурда почто аттарын бекеттин башчылары өздөрү айдашчу (Сасыкбаев).
2. Белгилүү бир мезгил, убакыт аралыгы, маал. Күзгө таянып калган учур. Түшкү дем алыш учуру. Койдун туут учуру.
Учур чакграм. кыймыл-аракеттин болуп жаткан учурун көрсөтүүчү этиштин чагы.
УЧУР II 1. уч этишинин аркылуу мамилеси.
2. өт. Чоңойтуп, өстүрүп бөлүп чыгаруу. Айымжан уядан кыз учурду (Сыдыкбеков).
3. Жалган сөздөрдү жайылтып таратуу, апыртуу. Ушакчы жел ушагын учуруп жүрө берет (Убукеев).