Киргизско-русский словарь Юдахина
способный быстро летать, быстролётный; прям. , перен. быстрокрылый;
сен кузгунсуң-кузгунсуң, жамы куштан учкулсуң фольк. ворон ты, ворон, всех птиц ты быстролётнее;
жаштын көңүлү учкул болот у молодого сердце пылкое;
учкул кыял безудержная фантазия;
учкул сөз крылатое слово, крылатое выражение.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: учкулук-тыңгылык занимательные новости, слухи, разговоры;
учкулук-тыңгылыктан эмне бар? что творится, что нового на белом свете? (выражение связано о легендой о птице, которая летает и всё знает, и о рыбе, которая может только подслушивать).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөз жеткен, бут жеткен жер аралыгы. Учкулук-тыңгылыктан эмне кеп бар? («Кыргыз эл жомоктору»). В.: Учкулук менен тыңгылык. Айылдын атанган ушакчысы Айшакан Жапар жөнүндө сөздү учкулук менен тыңгылыкка жайып чыкты («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. искра;
майдадан ири курулат, учкундан жалын тутанат погов. из мелкого крупное составляется, из искры пламя возгорается;
2. мелочь, отлетающая в сторону при провеивании зерна;
учкун алдында келди он прибыл первым, раньше всех;
учкун митинг уст. летучий митинг.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун [чарыктан] шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев).
2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. [Алексей Александрович] кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров).
3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. [Кырмандын] ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев).
4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Анын [Гүлайдын] көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Килбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).
Учкун алдында — эң мурда, а дегенде, биринчи болуп. Учкун алдында келүү. УЧКУР учкул менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун чарыктан шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев). 2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. Алексей Александрович кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров). 3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. Кырмандын ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев). 4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Гүлайдын көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Кулбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
А дегенде, тез эле, эң мурда, ириде, эң алды менен, биринчи болуп. Келери менен догун арта сүйлөгөн каркайган неме учкун алдында бөлүнүп чыкты (Ашымбаев). Эки колунан алып декилдеткен жолдоштору аны палатага учкун алдында чуркатып жетип келишти (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
А дегенде, тез эле, эң мурда, ириде, эң алды менен, биринчи болуп. Келери менен догун арта сүйлөгөн каркайган неме учкун алдында бөлүнүп чыкты (Ашымбаев). Эки колунан алып декилдеткен жолдоштору аны палатага учкун алдында чуркатып жетип келишти (Өмүрбаев).