Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун чарыктан шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев). 2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. Алексей Александрович кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров). 3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. Кырмандын ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев). 4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Гүлайдын көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Кулбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).