Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЮШТУРУУ КЕЛИШИМИ – юридикалык жактын уюштуруу документтеринин бири. Анда уюштуруучулар юридикалык жакты түзүүгө милдеттенет, аны түзүү боюнча бирдиктүү иш-аракеттердин тартиби, ага өз мүлкүн өткөрүп берүү жана анын ишине катышуу шарттары аныкталат. Келишим аркылуу ошондой эле анын катышуучуларынын ортосунда кирешелер менен чыгымдарды бөлүштүрүү, юридикалык жактын ишин башкаруу, уюштуруучулардын (катышуучулардын) анын курамынан чыгуу шарттары менен тартиби да аныкталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Трастты уюштуруучу (трастор) (Settlor (trustor)) —Трастты уюштуруучу (трастор) – бул, ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп берилген мүлктүн ээси; ага ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган (мамлекеттин менчигинде турган мүлк боюнча); чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана (менчик ээсинин уруксаты менен)