Киргизско-русский словарь Юдахина
чек I
предел, граница, рубеж;
чек кой- ограничивать; ставить предел;
чек ара граница;
чек аралык пограничный;
чек арачы пограничник;
мурдагы чектеринде воен. на прежних рубежах;
бул ийгилик - чек эмес это достижение не предел;
чектен ашык чрезмерный.
чек II
чек.
чек III
окрик на коз.
чек IV
ак чек см. чечек.
чек- V
тянуть, тащить; курить или закладывать в рот (табак);
макорке чек- курить махорку; курить самокрутку;
тамеки чек- курить табак;
чылым чек- курить кальян;
насыбай чек- закладывать насвай под язык;
сапар чек- отправляться в путь, в путешествие;
азап чек- испытывать мучения, мучиться;
жапа чек- пострадать (напр. от стихийного бедствия);
жапа чеккендердин саны азырынча билине элек число пострадавших пока не определено;
машакат чек- испытывать затруднения;
тамаша чек- любоваться.
чек- VI
1. надбить кончик;
жумуртка чек- надбить яйцо;
наштар менен чегип, сары сууларын агызам я проколю (нарыв) ланцетом и выпущу сукровицу;
2. перен. действовать (при расспросах) намёками, обиняком, осторожно;
чегип сурап көр ты попробуй потихоньку (обиняками) порасспросить;
болгон кептерди чегип билип ал разузнай потихоньку, о чём говорилось;
тегирмен чек- ковать мельничный жёрнов.
чек- VII
1. запрягать (в телегу, в сани);
атка чек- запрячь лошадь;
атка чексе, аркырайт арабасы, чанасы стих. когда запрягут лошадь, мчатся их телеги, сани;
2. включать в работу, поручать дело;
"сугатка чык" деп, мени сугатка чекти мне поручили поливать (посевы), сказав, мол, выходи на полив;
ишке чегип включив кого-л. в работу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Мамлекеттин же кандайдыр бир ээликтеги жердин ага тиешелүү экендигин белгилөөчү чети, белгиси. Кыраан Манасжаш бала, Чегине келди жеринин, Четине келди элинин («Манас»).
2. Андан ашып же өтүп кетиши ылайыктуу эмес деп эсептелген шарт, чен, өлчөм, убакыт, белгилүү бир норма. Уйку, тамактануу—баарына чек коюлду (Бейшеналиев). Күн узарып чегине жеткенде өсүмдүктөр урук байлайт (Убукеев). Келе турган күндөрүн, Жыйырма беш күнгө чек кылып («Семетей»).
Чек ара — жанаша турган мамлекеттердин же кандайдыр бир ээликтеги жерди территориялык жактан бири-биринен бөлүп туруучу сызык, тилке; эки чектин аралыгы. Чек араны коргогон, Эл тынчтыгын ойлогон, Болсом экен сакчы дейт (Осмонкул). Чек арачы—мамлекеттин чек арасын кайтарып, кызмат кылуучу аскер кызматчысы.
ЧЕК II зат. 1. Белгилүү сумманы алуу же башка жакка которуу үчүн банкыга көрсөтүлүүчү (берилүүчү) документ. Чекти жаңы кассирдин наамына жаз (Каимов).
2. Товардын төлөө баасы жазылып, кассага көрсөтүлүүчү квитанция жана магазиндин кассасы сатып алуучудан акча алгандыгын белгилеп берилген кагаз.
ЧЕК III этиш. 1. Унааны арабага, чанага ж. б. кошуу. Ар биринде бир кетмен, Кээ бирөө чеккен араба (Осмонов).
2. Кандайдыр бир жумуш иштөөгө кошуу, дайындоо, белгилөө, жиберүү. [Ал ишке] өзүн баштап мугалимдерди чегем (Сыдыкбеков).
3. Тамеки тартуу, чылым тартуу, насыбай атуу. Эч кимиң командасыз мылтык атпа, Чекпесин тамекини эч бириңер (Үмөталиев). Атам укалаган насыбайынан чеге кетти (Жантөшев).
4. Азапка, жапага ж. б. туш келүү, кабылуу, дуушар болуу; сапар, жол ж. б. тартуу, баштан өткөрүү. Ошондо Бүбүя да кунга кетти, Жазыксыз жашын төгүп, азап чекти (Турусбеков). Сайраган булбул элем, жапа чектим (Шимеев). Кандайдыр сапар чегип баратканыңа түшүнүп турам, балам,деди [кемпир] (Жантөшев).
ЧЕК IV этиш. 1. Кандайдыр катуу нерсени ургулап оюу, из түшүрүү, кандайдыр бир жерин кетип оюу. Ташты чегип кынаган, Бир-бирине улаган (Үмөталиев). Тегирменчи бизди эле күтүп тургансып, ташын оодарып, чегип жаткан экен («Жаш ленинчи»).
2. өт. Астыртан сыр билгизбей сурап көрүү, билмексен болуп билип алууга аракет кылуу. Ышкынаалы чегип сураган менен пайда чыкпасын билген соң, өтө аярлап калды (Байтемиров).
ЧЕК V сырд. Эчкини кайырганда, айдаганда ж. б. колдонулат.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Чек (Cheque) —Платежный инструмент, содержащий ничем не обусловленное письменное распоряжение чекодателя банку уплатить держателю чека, указанную в ней сумму и, предъявленный к оплате в течение срока, установленного законодательством. Чекодателем является юридическое или физическое лицо, имеющее денежные средства в банке, которыми он вправе распоряжаться путём выставления чеков; держателем чека является юридическое или физическое лицо, в пользу которого выдан чек.  

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
чек (магазиндин кассасы сатып алуучудан акча кабыл алгандыгы үчүн берилген кагаз);
выписать чек чек жазып берүү;
выбить чек чек уруу, чек уруп берүү (сатып алуучуга кассадан берилген чек);
платить по чеку чек менен төлөө (чек боюнча төлөө).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Чек (Cheque) —Чек берүүчүнүн банкка, чекте көрсөтүлгөн жана мыйзам актыларында белгиленген мөөнөт ичинде төлөөгө сунушталган сумманы чек ээсине төлөп берүүсү боюнча, эч нерсе менен шартталбаган кат жүзүндөгү буйруусун камтыган төлөм инструменти. Банкка салынган акча каражаттарына ээ юридикалык жак же жеке адам чек берүүчү болуп саналат, ал акча каражаттарын чектерди берүүаркылуу пайдаланууга укуктуу; анын пайдасына чек берилген юридикалык жак жана жеке адам чек ээси болуп эсептелет.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул этиш сөздүн түрк тилинде 43 мааниси бар (ТРС 1994:177-178), ал эми кыргыз тилинде болгону 4 маанини билдирет (КТС 2010:1318). Ушундан улам бул сөздүн азыркы кыргыз тилинде унутулуп калган маанилерин түрк тилинен табууга болот. Мисалы, «Эр чекишпей бекишпейт» деген макалдагы «чек» этишинин кош мамилелик формасы болгон «чекиш» сөзү түрк тилинде «1. ссориться, спорить, оспаривать; переругиваться; пререкаться; 2. пускать в ход (ножи и т.п.), поднимать друг на друга (нож и т.п.), замахиваться, угрожать друг другу (ножами и т.п.)» деген маанилери бар (ТРС 1994:177). Муну эске алганда, жогорудагы макалдын бүдөмүк мааниси айкын боло түшөт. Ушул сыяктуу эле эчкини айдаганда, чакырганда колдонулуучу «чек» деген сырдык сөз түрк тилинде «приводить в движение, двигать» деген маанини билдирет (ТРС 1994:177).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕК (англ. cheque, check ) – баалуу кагаз, чек берүүчүнүн банкка чекти кармоочуга анда көрсөтүлгөн акчаны төлөп берүүсү тууралуу эчтемке менен шартталбаган жазуу жүзүндөгү буюртмасы. Ч. төлөп берүүгө мыйзамда аныкталган мөөнөттүн ичинде көрсөтүлүүсү тийиш.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕК (англ. cheque, check ) – баалуу кагаз, чек берүүчүнүн банкка чекти кармоочуга анда көрсөтүлгөн акчаны төлөп берүүсү тууралуу эчтемке менен шартталбаган жазуу жүзүндөгү буюртмасы. Ч. төлөп берүүгө мыйзамда аныкталган мөөнөттүн ичинде көрсөтүлүүсү тийиш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
чека I
ж. тех.
чека (дөңгөлөктү ж.б. огунан чыгарбай кармоочу, окко сайылган шиш).
чека II
ж. нескл. ист.
(Чрезвычайная комиссия по борьбе с контрреволюцией, саботажем и спекуляцией) Чека (Контрреволюцияга, спекуляцияга жана саботажга каршы күрөшүүчү чрезвычайная комиссия).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЦЕПТЕЛГЕН ЧЕК – банк акцепти бар чек ; андагы көрсөтүлгөн акчанын сатып алуучунун эсебине түшөөрүн кепилдейт. Каржы органдарына бюджет кирешелерин байланыш ишканалары аркылуу кайтарып берүүдө, бюджеттик уюмдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн бирөңчөй эсептешүүлөрүндө колдонулат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
чекан (1. металлдан жасалган нерселердин - монеталардын, медалдардын ж.б. бетине сүрөттөрдү чуңкурайтып басуу үчүн колдонулуучу штемпель; 2. металлдын бетине согуп сүрөт түшүргүч курал).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. что
1. согуу, согуп чыгаруу, согуп сүрөт түшүрүү (бетине чуңкурайтып согуп сүрөт түшүрүп, металлдан ар түрдүү кооз нерселер чыгаруу);
чеканить медали медаль согуу;
2. перен. тактап айтуу, ачык айтуу, ачык так айтуу; чаташтырбай, так иштөө;
чеканить слова сөздү ачык, так айтуу;
чеканить шаг чаташтырбай так арыштоо;
3. с.-х. чеканкалоо (тез өсүп жетилиши үчүн өсүмдүктөрдүн эң үстүңкү бутактарын кесип коюу);
чеканить хлопок пахтаны чеканкалоо;
чеканить виноград жүзүмдү чеканкалоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. согуу, согуп чыгаруу, тыйын согуу, согуп сүрөт түшүрүү;
чеканка монеты монета согуп чыгаруу;
2. с.-х. чеканка, чеканкалоо;
чеканка хлопка пахтанын чеканкасы, пахтаны чеканкалоо;
3. (узор на металле) сүрөт, оюу (металлдан жасалган нерселердин бетине оюлган сүрөт);
ружьё с золотой чеканкой алтын оймолуу мылтык.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Saxicola) котурепейлер; таркылдактар тукумуна кирүүчү, чакчыгайларга жакын чымчыктардын бир уруусу, мунун кыйла түрү белгилүү: чекан-каменка — чакчыгай котурепей, ч. луговой (S. ruberta) — шалба котурепейи, ч.-плешанка — ак төбөл котурепей, ч.- плясун — сорондок котурепей, ч. черно- бурый — кара боор котурепей, ч. черноголовый (S. torquata) — кара баш котурепей, ч. черный — кара котурепей, чеканчик луговой — к. ч. луговой, ч. черногорлый — кара тамак котурепей  ж. у. с.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жанаша турган мамлекеттердин же кандайдыр бир ээликтеги жерди территориялык жактан бири-биринен бөлүп туруучу сызык, тилке, эки чектин аралыгы. Чек араны коргогон, Эл тынчтыгын ойлогон, Болсом экен сакчы дейт (Осмонкул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕК БЛАНКАСЫ – чек жазып берүү үчүн басмакана ыкмасы менен даярдалган документтин түрү. Ч. б-нын төмөндөгүдөй милдеттүү реквизиттери болуусу тийиш: текстке кошулган «чек» аталышы; төлөөчүгө дайындуу акча суммасын төлөп берүү тапшырмасы; төлөөчүнүн аталышы, төлөм жүргүзүлүүсү керек болгон эсептин номуру; төлөм валютасына көрсөтмө; чектин толтурулган күнү жана жери; чек берүүчүнүн коюлган колу; ал эми чек юридикалык жактын атынан берилсе, ошондой эле анын мөөрү. Чектин дарек-дайыны кол менен толтурулушу да мүмкүн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чеке I
1. лоб, виски;
сойгону - улак теке, тартканы - кулак, чеке погов. зарезал он молодого козла (это уже не почёт), подал он ухо и лоб (вот так угостил!);
сеждеге чекесин коюп положив (молитвенный) земной поклон;
колун чекесине серепчилей карады он посмотрел из-под ладони (приставив ладонь ко лбу);
чал карады буларга, чекеге колун калкалап стих. старик смотрел на них из-под ладони;
тебетейин чекесине кыйшайта кийди он надвинул шапку на лоб;
ак чеке звёздочка (на лбу лошади);
чекесинде агы бар, нокто кескен тагы бар фольк. на лбу у него есть белое, натёртый недоуздком след есть;
көк чеке звёздочка на лбу сивой лошади;
2. край, сторона;
чеке жер южн. окраина;
айтып отуруш кыйын, ата, чекесин өзүңүз көрдүңүз эле го! рассказывать, отец, трудно, частично (краешек) вы сами ведь видели!;
чекесин көр- хоть одним глазком увидеть; принять в чём-л. хотя бы малое участие;
тамашанын чекесин кере кетүүгө болобу? можно хотя бы одним глазком взглянуть на увеселение?
сыйдын чекесин көрө кетсеңиздер болот эле было бы хорошо, если бы вы отведали угощения (даже не участвуя в нём с начала до конца);
чеке-жакалары урай баштады (у строения) края начали обваливаться;
чекесинен всех подряд;
чекесинен сүйрөп өлтүрүп турган всех подряд убивали;
как чеке бодрый, проворный, резвый;
көркөм күлүк Көктеке - жылкыдан башка как чеке фольк. красивый скакун Коктеке самый резвый среди коней;
как чекенин катыны так говорят о том, кто постоянно выигрывает в альчики, кто очень увлекается игрой в альчики;
чекеге чертип по строгому отбору;
чекеге чертип туруп алат принимают по строгому отбору (напр. в вуз);
мени бирөө би? а разве меня кто-нибудь посмеет пальцем тронуть?
чеке тер менен в поте лица;
кызыл чеке болуп уруш- драться до крови; ожесточённо, остервенело драться;
мүлк талашып, кызыл чеке болуп салгылашып поссорившись из-за имущества и остервенело колошматя друг друга;
чеке жылыт- или чеке жибит- или чекени жайдары кыл- или чеке торсойт- доставить удовольствие, порадовать (напр. хорошей работой, содействием и т. п);
чекени жайдары кылды он порадовал; он доставил удовольствие;
кордукту көп көрдүм, бирок чекем жылый элек я много претерпел и пока ещё радости не видел;
чекени жибите коё албас толку от него не будет;
иштери чеке жылытарлык эмес их работа никого не удовлетворит;
ал кимдин чекесин жибите коёр экен! кому это доставит удовольствие (да никому) !;
чекебиз тердеген жок нам удовольствия не доставило; нам пользы (от этого) было мало;
кайсы чеке торсойтушту? какая от них польза?, что они сделали полезного? кого и чем они порадовали?
чекеси торсойгон жок радости он не имел;
чекеси тырышып кетти он нахмурил лоб;
чекеге тийген камчы болду (это) больно ударило;
чеке бел кое-какие места, краешки;
сакалдын, муруттун, чачтын чеке белин ал- немного подбрить и подстричь; немного привести в порядок бороду, усы, голову (где подбрить, где подстричь);
арык-торук койлорду кыштоонун чеке белине откорот хромых и заплошалых овец он пасёт около зимовки (далеко не гоняет);
сырдын чеке белин чыгардым я сделал тонкий намёк;
чекеге чабарлар коноводы, заправилы;
кара чеке южн. то же, что чиге II.
чеке II
ир. южн.
сыворотка, капающая при отжимании сюзьмы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай. Биздин арык казгандар Чекеси тердеп суу аккан (Турусбеков).
2. Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү. Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин жамына жат (макал).
Чекеси жылыбоо — кандайдыр бир нерсеге ыраазы болбоо, жакшылык көрбөө, жарыбай калуу. [Кулбаш] нечен жылдар бою байларда чейрекер болуп жүрүп чекеси жылыбады (Абдукаримов). Кызыл чеке солуу — талашып-тартышуу, кызыраңдашкан абалга жетүү. Кызыл чеке болушуп, Уюштуруп тарапты (Маликов). Кызыл чеке болуп өтүлгөн сабактарды талкуулашасың (Бөкөнбаев). Чекеге чертип туруп — тандап, абдан тандап туруп. Сендей жакын көргөн иниме аялды чекеге чертип жүрүп алып берем (Каимов). Чеке-бели — чет жакасы. Сырдын чеке-белин чыгардым (Жантөшев). Чекесине черте албоо — тие албоо, ура албоо. Чекесине бүткөн — бар болгону, башка жок. Өзү чекеме бүткөн жалгыз ат (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай. Биздин арык казгандар, Чекеси тердеп суу аккан (Турусбеков). 2. Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү. Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин жамына жат (макал). 3. диал. Өңү каралжын келип, майда бутак алып, корумдардын арасына чыгып, май айында гүл төгүп, июлда мөмөсү быша турган жыгач өсүмдүгүнүн аты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тие албоо, эч даай албоо, жакын жолой албоо. Тиймек түгүл, чекеге черте албайсыз (Байтемиров). Баса, баягыда Васька деген жигит: «Эми сизди чекеге черте албайт», – деп эмне үчүн айтты? (Саатов). В.: Чекесине черте албоо. – Чочуба, жездемди эч ким чекесине черте албайт, мен барда (Бейшеналиев). Чекесине чертпөө. Чекесине чертпейм, мен аларды сөз менен эле жыгам (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшылап байкап, эң мыктысын ылгап, тандап туруп. Чекеге чертип туруп кыз алам дечү эмес белең? (Байтемиров). Сендей жакын көргөн иниме аялды чекеге чертип туруп алып берем (Каимов). В.: Чекесинен чертип туруп. Андан көрө аскерде жүргөндө чекесинен чертип туруп бир кызга таанышып алышы мүмкүн (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жүрөктү өйүгөн, тынчын алган, кедерги болгон каргаша, каскак, тоскоолдук. Сен да менин чекеме чыккан чыйкансың (Байтемиров). - Кайдан чыккан бу Сабырбек деген балакет? Чекеңерге чыккан чыйкан го! (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жүрөктү өйүгөн, тынчын алган, кедерги болгон каргаша, каскак, тоскоолдук. Сен да менин чекеме чыккан чыйкансың (Байтемиров). – Кайдан чыккан бу Сабырбек деген балакет? Чекеңерге чыккан чыйкан го! (Абдыраманов). В.: Чекеге бүткөн чыйкан. – Магаза Масанчиндин полку душмандын чекесине бүткөн чыйкан болуп, душмандын ойронун чыгарган эле (Сасыкбаев). Чечекейине чыккан чыйкан. Мойдун деген бечаралардын чечекейине чыккан чыйкан болду (Сыдыгалиев). Чыйкан болуу. Сен атам замандан бери адам менен жан-жаныбарлардын шоруна чыйкан болуп чыктың го (Жигитов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ыраазы болорлук, алымсынарлык, көзгө көрүнөрлүк, ынанарлык. Бул эки мекеме райондун чарбаларына чеке жылытарлык таасир да, жардам да көрсөтө албай келе жатат («Чалкан»). Куюучу линия да чеке жылытарлык иштебейт («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ыраазы болорлук, алымсынарлык, көзгө көрүнөрлүк, ынанарлык. Бул эки мекеме райондун чарбаларына чеке жыштарлык таасир да, жардам да көрсөтө албай келе жатат («Чалкан»). Куюучу линия да чеке жылытарлык иштебейт («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир түбүнөн бир нече сабак чыгып, көбүнчө кургак жерлерде топ-топ болуп өсүп, күлү көбүнесе насыбайга кошулуучу өсүмдүк. Чекенде алып келип бербесем, жарым атым насыбай ала албасыма көзүм жетти («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир түбүнөн бир нече сабак чыгып, көбүнчө кургак жерлерде топ-топ болуп өсүп, күлү көбүнесе насыбайга кошулуучу өсүмдүк. Чекенде алып келип бербесем, жарым атым насыбай ала албасыма көзүм жетти («Ала-Тоо»). 2. Уй шилекей. Сууга салган чекендей, Сурагы мунун бекемдей (Арстанбек).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. маленький, незначительный; частичный;
чекене айыл маленький аул;
чекене иш незначительное, пустяковое дело;
чекене эмес немалый, не пустяковый;
сенин байлыгың - чекене байлык эмес богатство твоё - немалое богатство;
чекене киши незначительный человек;
чекене жердин баласы эмес он не простого происхождения;
2. розничный;
чекене баа розничные цены;
чекене соода розничная торговля.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Чакан, кичине, кичирээк, анча-мынча, бир аз. Чекене тойго чаап, эки жолу чыгып, Алымга абийир алып берген (Жантөшев).
Чекене баа — товардын дааналап же аз-аздан бөлүнүп сатылуучу баасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чакан, кичине, кичирээк, анча-мынча, бир аз. Чекене тойго чаап, эки жолу чыгып, Алымга абийир алып берген (Жантөшев). 2. Дүңдүн карама-каршысы, жекелей бир бирден. Бул өндүрүмдүн наркы чекене баада жогору турат. Кээ бир өндүрүмдөр дүңүнөн гана сатылып чекене сатылбайт. 3. диал. Оңой, жөнөкөй.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Розничный агент (Retail agent) —Юридическое лицо либо индивидуальный предприниматель, подписавшее агентский договор с банком о предоставлении от имени банка розничных банковских услуг, в том числе через сеть розничного агента. Розничные агенты подразделяются на агентов, предоставляющих расширенный спектр услуг, и на агентов, предоставляющих ограниченный спектр банковских розничных услуг.  

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: чекенелеп помаленьку;
чекенелеп сат- торговать, продавать в розницу;
чекенелеп айт- рассказывать мало и со скромностью;
өз өмүрүн чекенелеп айтты он скромно рассказал о своей жизни.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Розничные платежи (Retail payments) —Платежи на небольшие суммы, являющиеся несрочными. Примерами розничных платежей могут быть оплата страховых взносов, оплата коммунальных услуг, покупка товаров и услуг т.д.  

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жарыгыдай, алымсынгыдай абалда болбоо, эч нерсеге жетпөө, жарыбоо, жакшылык көрбөө. Бул жерге келгендердин чекеси жылып, жаны жай табар деп келгенбиз (Ашымбаев). Отунун алдым, суусун куйдум, мергенчилик менен жан сактап, туягым жерде калгандай болду. Чекем жылбады (Үмөталиев). Тууганча эң акыркы гөр башындагы зыйнатын өтөп, бу дүйнөдө чекеси жылыбай кеткен пендесине тилек, бата кылышты (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жарыгыдай, алымсынгыдай абалда болбоо, эч нерсеге жетпөө, жарыбоо, жакшылык көрбөө. Бул жерге келгендердин чекеси жылып, жаны жай табар деп келгенбиз (Ашымбаев). Кулбаш нечен жылдар бою байларда чейрекер болуп жүрүп чекеси жылыбады (Абдукаримов). Отунун алдым, суусун куйдум, мергенчилик менен жан сактап, туягым жерде калгандай болду. Чекем жылыбады (Үмөталиев). В.: Чекеси жибибөө. Ошентип, мындан да чекем жибибесин билдим (Өмүрбаев). Чекеси торсойбоо. Буларды сыйлап жүрүп мен да жакшы аттуу болбодум, чекем торсойбоду (Сыдыкбеков). Чекеси ысыбоо. Үйүндө адалдан түгү жок жигитке орточу түшкөн кишинин чекеси ысыбасы белгилүү эле (Каимов). Мында кайсы чекең ысып отурат? Же таманыбызды тындырбаса (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө анча-мынча эле айтып тим болуу, азыраак кабардар кылган болуу, кыйытып коюу. Апама чекесин чыгарсам унчукпай тим болду («Чалкан»). В.: Четин чыгаруу. Татыбек тигинин күнөөсүнүн анча-мынча четин чыгарды эле, Садык жууткан жок (Байтемиров). Айжаркын бүгүн эрине ошол окуянын четин чыгарды (Осмоналиев). Чет-жакасын чыгаруу. Апама бир аз чет жакасын чыгарып айткамын (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
неправильно, дурно, плохо, неладно;
бу кылганың чеки это ты напрасно сделал; ты плохо поступил;
чеки көр- считать предосудительным;
биздин келишибизди чеки көрбө не осуди нас за то, что мы пришли;
менин айтканымды чеки дебеңиз не судите меня за мои слова.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ругаться, ссориться, цапаться друг с другом;
Алмамбет Чубак менен чекилешкенде фольк. когда поссорились (богатыри) Чубак и Алмамбет;
экөөбүз чекилеше түштүк оба мы здорово поцапались друг с другом.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чекилик I
неправильность, нетактичность, неладность;
мунуңуз чекилик это у вас неладно, нехорошо получилось;
андан чекилик кеткен жок он не допустил нетактичности;
ойнуңарды бузуп, чекилик кылдым, окшойт я, кажется, поступил нехорошо, нарушив вашу игру;
чекилик кетти допущена нетактичность.
чекилик II
южн.
то же, что чикит.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бейбаштык, туура эместик, орой каталык. Уяттуу адамдар келди, чекилик кылышпасын, тартип сактап, адептүү болушсун (Жантөшев). Кокустан кетсе чекилик, Коёрсуң агай кечирип («Чалкан»). Чекилик ишти кылган жок, Чек ара жакка жылган жок («Эл адабияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пятнышко на радужной оболочке глаза; серый (о глазах);
чекири жок - кой көздүү, сепкили жок - ак жүздүү фольк. нет у неё пятнышки на глазах - кареглазая, нет у неё веснушек - белолицая;
2. бельмо;
көзү чекир
1) у него на глазу бельмо;
2) сероглазый;
чекир баян см. чегир.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Көздүн карегиндеги темгил, көлөкө, көгүш. Чекири жоккой көздүү, Сепкили жокак жүздүү («Манас»), [Керездин] ызакор чекир көзүн жаш чайып, жездесине жал-жал тигилди (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жай сүйлөмдөрдүн аягына, кыскартылган кээ бир сөздөрдө (мис., ж. б.) коюлуучу тыныш белгиси.
Көп чекит—кандайдыр бир себеп менен алдында же арт жакта айтылбай калган ойдун ордуна, же сүйлөм тизмегинен атайын түшүрүлүп айтылган сөздүн, мүчөнүн, сүйлөмдүн ордуна коюлуучу тыныш белги (...). Үтүрдүү чекит к. үтүрдүү. Кош чекит — бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда айтылган жалпылагыч сөздөн, чечме сүйлөмдөгү негизги сүйлөмдөн кийин жана тике сөздөн мурда айтылган төл сөздөн кийин колдонулуучу тыныш белгиси (:).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мамлекеттин же кандайдыр бир ээликтеги жердин ага тиешелүү экендигин белгилөөчү чени, белгиси. Кыраан Манас – жаш бала, Чегине келди жеринин, Четине келди элинин («Манас»). 2. Андан ашып же өтүп кетиши ылайыктуу эмес деп эсептелген шарт, чен, өлчөм, убакыт, белгилүү бир норма. Уйку, тамактануу – баарына чек коюлду (Бейшеналиев). Күн узарып чегине жеткенде өсүмдүктөр урук байлайт (Убукеев). Келе турган күндөрүн, Жыйырма беш күнгө чек кылып («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр катуу нерсени ургулап оюу, из түшүрүү, кандайдыр бир жерин кетип оюу. Ташты чегип кынаган, Бир-бирине улаган (Үмөталиев). Тегирменчи бизди эле күтүп тургансып, ташын оодарып, чегип жаткан экен («Жаш ленинчи»). 2. өт. Астыртан сыр билгизбей сурап көрүү, билмексен болуп билип алууга аракет кылуу. Ышкынаалы чегип сураган менен пайда чыкпасын билген соң, өтө аярлап калды (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү сумманы алуу же башка жакка которуу үчүн банкка көрсөтүлүүчү (берилүүчү) документ. Чекти жаңы кассирдин наамына жаз (Каимов). 2. Товардын төлөө баасы жазылып, кассага көрсөтүлүүчү квитанция жана магазиндин кассасы сатып алуучудан акча алгандыгын белгилеп берилген кагаз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Унааны арабага, чанага ж. б. кошуу. Атмын дейсиң арабага чегилген, А божусу мага эмне үчүн берилген? (Маматова). Ар биринде бир кетмен, Кээ бирөө чеккен араба (Осмонов). 2. Кандайдыр бир жумуш иштөөгө кошуу, дайындоо, белгилөө, жиберүү. Ал ишке өзүн баштап мугалимдерди чегем (Сыдыкбеков). 3. Тамеки тартуу, чылым тартуу, насыбай атуу. Эч кимиң командасыз мылтык атпа, Чекпесин тамекини эч бириңер (Үмөталиев). Атам укалаган насыбайынан чеге кетти (Жантөшев). 4. Азапка, жапага ж. б. туш келүү, кабылуу, дуушар болуу, сапар, жол ж. б. тартуу, баштан өткөрүү. Ошондо Бүбүя да кунга кетти, Жазыксыз жашын төгүп, азап чекти (Турусбеков). Сайраган булбул элем, жапа чектим (Шимеев). Кандайдыр сапар чегип баратканыңа түшүнүп турам, балам, – деди кемпир (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕК КИТЕПЧЕСИ – ээсинин аты жазылган акча-эсептешүү документи. Аманатчыга эсепти ачкан учурда берилет. Кардар чектин жардамы менен агымдагы эсептен накалай акчаларды эле албастан, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар менен түздөнтүз эсептешүүлөрдү жүргүзөт. Эреже катары, чектер басмакана ыкмасы менен, атайын кагазда даярдалган, атайын бланктарда жол-жоболонот жана катар номурлар менен жабдылат. Банк чектеринен айырмаланып, аларды «Ч. к-нен алынган чек» деп аташат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Чегип сурап, билүугө аракет кылуу, сыр билдирбей чегип сураштыруу. Алдыртан чекмелеп сурап, Чоң Койчу тынбай Каныбекти тымызын издөөнүн аракетинде (Жантөшев). Сурасам да чекмелеп Теги-жайын билбедим («Мендирман»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
разведывать, разузнавать обиняками, намёками;
биринин сырын бири чекмелейт один у другого стараются выведать секреты;
сурасам да чекмелеп, теги-жайын билбедим стих. я пытался расспросами выведать, но так и не узнал, кто он.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чегип сурап, билүүгө аракет кылуу, сыр билдирбей чегип сураштыруу. Алдыртан чекмелеп сурап, Чоң Койчу тынбай Каныбекти тымызын издөөнүн аракетинде (Жантөшев). Сурасам да чекмелеп Теги-жайын билбедим («Мендирман»).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕК КИТЕПЧЕСИ – ээсинин аты жазылган акча-эсептешүү документи. Аманатчыга эсепти ачкан учурда берилет. Кардар чектин жардамы менен агымдагы эсептен накалай акчаларды эле албастан, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар менен түздөнтүз эсептешүүлөрдү жүргүзөт. Эреже катары, чектер басмакана ыкмасы менен, атайын кагазда даярдалган, атайын бланктарда жол-жоболонот жана катар номурлар менен жабдылат. Банк чектеринен айырмаланып, аларды «Ч. к-нен алынган чек» деп аташат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕК БЛАНКАСЫ – чек жазып берүү үчүн басмакана ыкмасы менен даярдалган документтин түрү. Ч. б-нын төмөндөгүдөй милдеттүү реквизиттери болуусу тийиш: текстке кошулган «чек» аталышы; төлөөчүгө дайындуу акча суммасын төлөп берүү тапшырмасы; төлөөчүнүн аталышы, төлөм жүргүзүлүүсү керек болгон эсептин номуру; төлөм валютасына көрсөтмө; чектин толтурулган күнү жана жери; чек берүүчүнүн коюлган колу; ал эми чек юридикалык жактын атынан берилсе, ошондой эле анын мөөрү. Чектин дарек-дайыны кол менен толтурулушу да мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭСЕПТЕШҮҮ ЧЕГИ – төмөнкү сол бурчунан жогорку оң бурчуна тилке салынган чек. Э. ч. каржылоо максаттарына кызмат кылбайт; бул юридикалык жактардын ортосунда накалай эмес эсептешүү таризи. Төлөм катары Э. ч-ин алган уюм аны өзүнүн тейлөөчү банкына көргөзөт, ал чектеги сумманы анын эсебине кошуп берет. Э. ч. акчаны ошол акча арналган гана фирма алышын камсыз кылууну кепилдейт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чексе I
ир. южн.
единица веса, равная примерно 5-6 кг.
чексе II
(в эпосе)
сумочка для хранения снадобий;
дарыгер аяр билгичтин чекседе белен дарысы фольк. у лекаря-провидца в мешочке снадобье готово.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дары салгыч, дарылар салынуучу баштыкча. Дарыгер аяр билгичтин, Чекседе белен дарысы («Манас»). 2. диал. эск. Болжол менен пуддун үчтөн бир бөлүгүнө барабар болгон өлчөм бирдиги. Анча-мынча эгини бар дыйкандан чейректен, чекседен гана эгин алып баратат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Чеги жок; учу-кыйры жок, эбегейсиз зор. Чексиз асман көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Аалы).
2. Болжолсуз, абдан көп, абдан мыкты. Ой курбалым Дүрдана! Чексиз чебер үн кана? (Аалы). Эки достун ушул минутадагы кубанычтары чексиз эле (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чеги жок; учу-кыйры жок, эбегейсиз зор. Чексиз асман, көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Токомбаев). Ойлоруңуз Күн нурундай чачырап, Мейкиндиги, Чексиздиги көрүнбөйт (Акматалиев). Чексиз сапар, жылат алга кадам жай, Кыз даракка назар салат каранат (Акматалиев). 2. Болжолсуз, абдан көп, абдан мыкты. Ой курбалым Дүрдана! Чексиз чебер үн кана? (Токомбаев). Эки достун ушул минутадагы кубанычтары чексиз эле (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Чегин ажыратып белгилөө, чегин көрсөтүү, айтуу. Биздин колхоздун жер, суусун чектеп, картасына да тарттым [деди Орусбек] (Сыдыкбеков).
2. Ашып кетүүгө же андан тышкары аракеттер жасоого жол коюлбастыгын көрсөтүп чек коюу. Укугун чектеди.
3. Белгилөө. Кулактыкка тартышка чектептир (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чегин ажыратып белгилөө, чегин көрсөтүү, айтуу. Биздин колхоздун жер, суусун чектеп, картасына да тарттым деди Орусбек (Сыдыкбеков). 2. Ашып кетүүгө же андан тышкары аракеттер жасоого жол коюлбастыгын көрсөтүп чек коюу. Укугун чектеди. 3. Белгилөө. Кулактыкка тартышка чектептир (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТЕЛГЕН ЖООПКЕРЧИЛИК – ага ылайык карыздардын катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча жооп беришпеген жана карыздардын ишмердигине байланыштуу аманаттардын (акциялардын) наркынын өлчөмүндө чыгым тартуу тобокелчилигин тартышкан, карыздар юридикалык жактын катышуучуларына карата колдонулуучу принцип.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТЕЛГЕН ӨНӨКТӨШТҮК – чет өлкөлөрдүн укуктарында компанияны жана чектелген жоопкерчиликтүү («солгун») өнөктөрдү күндөлүк башкаруу менен алектенген башкы өнөктү камтыган өнөктөштүк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТЕЛҮҮ БУЮМ УКУКТАРЫ – менчик укугунан келип чыккан буюмдарга укуктуулук. КР жарандык мыйзамдарында Ч. б. у-нын төмөнкү түрлөрү белгиленген: а) чарба жүргүзүү укугу; б) ыкчам башкаруу укугу; в) жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу; г) башканын кыймылсыз мүлкүн чектелүү пайдалануу укугу (сервитут); д) мыйзамда каралган учурларда ал мүлктүн ээси болуп саналбаган кишилердин мүлкүнө буюм укугу. Мындан сырткары, Ч. б. у-на ошондой эле булар да кирет: пайдалануучунун башка бирөөнүн мүлктөрүн мыйзамдуу негизде пайдалануудан түшкөн кирешелерди өзүнө ыйгарып алуу укугу; барымта кармоочунун барымта буюмуна укугу; багуудагынын укугу; ижарачынын ижара объектине укугу; ишеним башкаруучунун ишеним башкарууга алган мүлктөргө карата укугу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жалпы тартипти сактабай аша чабуу, ашыкча кетүү. Бул чектен чыккан эсирүүчүлүк эмей эмне? (Осмоналиев). Алдыңкы бригадир болсо да, чектен чыгып кетүүсү эч нерсеге сыйбайт («Чалкан»). В.: Чийинден чыгуу. Тим койгон сайын чийинден чыгып баратат («Ала-Тоо»). Чындыгында эле ал чийинден чыккан чеки иш кылдыбы (Айтматов). Ченден чыгуу. Мында конуп жаткандар жалаң эле старчын, жасоол сыяктуу ченден чыккан бейбаштар (Элебаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТЕП БЕРҮҮ ТИЛКЕСИ – 1) темиржол транспортунун жер төшөөлөрү, жасалма курулмалары, линиялык-жол жана башка имараттары, темиржол байланыш жабдуулары, темиржол бекеттери, коргоочу токой тилкелери жана жолду камсыздоо жабдуулары ээлеген, ошондой эле мамлекет тарабынан темиржол транспортунун келечектеги өнүгүшү үчүн бөлүнгөн же сакталып коюлган жер аянттары; 2) автомобиль жолдорундагы тийиштүү долбоордук элементтерди жана инженердик курулмаларды, ошондой эле автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн зарыл болгон имараттарды, курулмаларды, коргоочу жана көрктөндүрүүчү токой тилкелерин жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жер аянттары. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоодо Ч. б. т-нин өлчөмү анын категориясына жараша, стандарттарга ылайык аныкталат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чектеш I
пограничный, смежный; имеющий общую границу;
чектеш эл соседний народ;
катуу тапшырма чектеш ист. назначение твёрдого задания.
чектеш- II
взаимн. от чекте-;
чектешкен жерлер прилегающие, граничащие места.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТИЛКЕ – кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу өзгөчө маани берилген аймактын чордонун айланта курчаган же чордондуу тилке менен чектешкен жаткан аймак. Ч-лер адатта айылчарба айдоо жери, экологиялык туризм, ошондой эле аргандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу чарбачылык жүргүзүүнүн салттуу түрлөрү үчүн колдонулат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чектир- I, II
понуд. от чек- V, VI;
тамеки чектир- дать покурить или позволить покурить;
канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей не позволяя причинить малейшую неприятность; ограждая от малейшей обиды (напр. пестовать ребёнка, заботливо относиться к жене и т.п.);
машакат чектир- см. машакат;
убайым чектир- см. убайым I.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТӨӨ – ээлик кылуу, буюруу, кыймылсыз мүлк бирдигин пайдалануу укугун, анын ичинде үчүнчү тараптын укугун (ижара, барымта, ипотека, сервитуттар, келишим боюнча милдеттенмелер ж. б.) Ч. соттун чечими, КР мыйзамдары ж. б. боюнча өндүрүлөт..

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТӨӨ – 1) КРдин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча белгилүү аймактагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектерин белгилүү мөөнөт ичинде алууга болуучу аныкталган санынын жеткен чеги; 2) биологиялык түрдүүлүктүн бузулбоосун эсепке алуу менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн алууга боло турган аныкталган объектеринин жеткен чеги; 3) айлана-чөйрөнү коргоо тармагында – жаратылыш байлыктарын алуунун, пайдалануунун, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды ыргытуунун, таштоонун акыркы чеги. Жаратылышты коргоо, анын байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, ага зыяндуу таасир этүүнү алдыналуу максаттарында белгиленет; 4) аймактагы экологиялык кырдаалды эске алуу менен белгилүү мөөнөткө юридикалык жана жеке жактар үчүн жайгаштыруу улуксат берилген калдыктардын чектелген саны.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТӨӨ ЧАРАЛАРЫ – кылмыш-жаза процессинде анын тергөөдөн жашырынып кетүүсү мүмкүн же сотто кылмыш иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн экенине же дагы кылмыш жасашына толук негизи бар деп эсептелгенде, ошондой эле өкүмдүн аткарылышына кепилдик үчүн айыпталуучуга карата колдонулуучу процесстик аргасыз кылуу чарасы. Ч. ч-на эч кайда кетпөөгө кол коюп берүү, жеке кепилдикке алуу, камакка алуу, барымта коюу, аскер бөлүгүнүн командачылыгынын (аскер кызматкерлерине карата) көзөмөлдөөсү, жашы жетелектерди ата-энесинин жана башка кишилердин карамагына берүү, үй түрмө кирет. Камакка алуу, үйкамак жана барымтага коюу көзөмөлдөөчү прокурордун санкциясы же соттун аныктамасы боюнча гана болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТӨӨ ЧАРАЛАРЫ (ТОСОТ) – жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөөгө багытталган жана чарбачылык жана башка ишмердиктердин өзгөчө тартибин, калктын, унаа каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылына чектөө койгон административдик, медико-санитардык, ветеринардык ж. б. чаралар. Ч. ч. жугуштуу оруулардын пайда болуу жана таралуу коркунучу болгон учурларда КР чегаралары аркылуу өткөрүүчү түйүндөргө, чарбалык ж. б. ишмердиктерди жүргүзүүчү уюмдарга жана объекттерге киргизилет. Ч. ч. КР Өкмөтүнүн же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын чечими менен киргизилет (алынып салынат). Ч.ч-н ишке ашыруунун тартиби жана пайда болуу жана тарап кетүү коркунучуна Ч. ч. киргизилип жаткан жугуштуу оорулардын тизмеси КР ченемдик укуктук актылары жана санитардык эрежелери менен аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТӨӨ ЭНБЕЛГИСИ – купуя маалыматтарды алып жүрүүчүнүн же анын коштоочу документтеринин, алардагы маалыматтарды пайдалануунун өзгөчө тартибин аныктоочу милдетүү белгиси. Мамлекеттик сырды түзүүчү кабарларга «өзгөчө маанилүү» жана «өзгөчө жашыруун» деген чектөөчү мөөрлөр басылат. Аскердик сырды түзүүчү кабарларга «өзгөчө жашыруун» жана «жашыруун» деген чектөөчү мөөрлөр басылат. Кызматтык сырды түзүүчү кабарларга «жашыруун» деген чектөөчү мөөр басылат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кадала кароо, тикирее кароо, көзүн чекирейтип тирмие кароо. Чепти көрүп чекчейип, «Кантебиз» деп мекчейип («Эр Табылды»).
2. Кекирейген, бой көтөргөн түрдө болуу, мыкчыюу, кекирейүү. Отундан эрте келбейтдеп, Байбичеси чекчеет (Барпы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о глазах) изумлённо или боязливо выпучиваться;
далай көзүң чекчеер ты ещё много неприятностей испытаешь; ещё многим ты будешь неприятно поражён;
чекчее карады он изумлённо и с опаской посмотрел;
көзүм барат чекчейип, белим барат мекчейип фольк. глаза мои пучатся, стан мой горбится;
чекчейген чекир көздөрү его удивлённо выпученные серые глаза;
Сатыке чекчее түштү Сатыке вдруг выпучил глаза (удивлённо или зло);
2. иметь молодцеватый, независимый вид.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кадала кароо, тикирейе кароо, көзүн чекирейтип тирмие кароо. Чепти көрүп чекчейип, «Кантебиз» деп мекчейип («Эр Табылды»). 2. Кекирейген, бой көтөргөн түрдө болуу, мыкчыюу, кекирейүү. Отундан эрте келбейт – деп, Байбичеси чекчеет (Барпы). 3. Бышык, өз боюна тың, тартиптүү. Мектепте жакшы окуган бышык, чекчейген кыз.

Киргизско-русский словарь Юдахина
делать важные, напыщенные движения, вздёргивая голову;
"бар, Матай", деди ал чекчеңдеп "иди, Матай" - сказал он с важным видом;
курс бүтүрүп келгенден бери чекчеңдеп да, чакчаңдап да жүрөт с тех пор, как он прибыл сюда, окончив курсы, он ведёт себя важно и действует властно.