ЧЕК І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Мамлекеттин же кандайдыр бир ээликтеги жердин ага тиешелүү экендигин белгилөөчү чени, белгиси. Кыраан Манас – жаш бала, Чегине келди жеринин, Четине келди элинин («Манас»). 2. Андан ашып же өтүп кетиши ылайыктуу эмес деп эсептелген шарт, чен, өлчөм, убакыт, белгилүү бир норма. Уйку, тамактануу – баарына чек коюлду (Бейшеналиев). Күн узарып чегине жеткенде өсүмдүктөр урук байлайт (Убукеев). Келе турган күндөрүн, Жыйырма беш күнгө чек кылып («Семетей»).