ЧЕКЕГЕ ЧЫККАН ЧЫЙКАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жүрөктү өйүгөн, тынчын алган, кедерги болгон каргаша, каскак, тоскоолдук. Сен да менин чекеме чыккан чыйкансың (Байтемиров). – Кайдан чыккан бу Сабырбек деген балакет? Чекеңерге чыккан чыйкан го! (Абдыраманов). В.: Чекеге бүткөн чыйкан. – Магаза Масанчиндин полку душмандын чекесине бүткөн чыйкан болуп, душмандын ойронун чыгарган эле (Сасыкбаев). Чечекейине чыккан чыйкан. Мойдун деген бечаралардын чечекейине чыккан чыйкан болду (Сыдыгалиев). Чыйкан болуу. Сен атам замандан бери адам менен жан-жаныбарлардын шоруна чыйкан болуп чыктың го (Жигитов).