Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ыраазы болорлук, алымсынарлык, көзгө көрүнөрлүк, ынанарлык. Бул эки мекеме райондун чарбаларына чеке жыштарлык таасир да, жардам да көрсөтө албай келе жатат («Чалкан»). Куюучу линия да чеке жылытарлык иштебейт («Ала-Тоо»).