чексиз
Толковый словарь кыргызского языка (1969)сын. 1. Чеги жок; учу-кыйры жок, эбегейсиз зор. Чексиз асман көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Аалы).
2. Болжолсуз, абдан көп, абдан мыкты. Ой курбалым Дүрдана! Чексиз чебер үн кана? (Аалы). Эки достун ушул минутадагы кубанычтары чексиз эле (Жантөшев).